Turmush — Өлкө башчысынын Ош облусуна болгон иш сапары учурунда коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары Араван районунда улантылууда. Иш сапардын алкагында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышып, укук бузуулардын алдын алып, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жатышат.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды коомдук тартипти сактоого, коопсуздук талаптарын так аткарууга чакырат.
Turmush басылмасы кечээ, 10-апрелде президент Садыр Жапаров Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында 10 мектептин курулушуна расмий түрдө старт берип, С.Жигитов атындагы жалпы билим берүү мектебинин курулушуна мезгил кутучасын салганын жазган.
Turmush басылмасына маалым болгондой, 11-апрелден 15-апрелге чейин Ош облусунда өлкө жетекчилигинин катышуусунда бир нече салтанаттуу иш-чара өтөт. Анын алкагында жаңы билим берүү, медициналык мекемелер жана маданий объекттерди ачуу пландалган.