Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айылындагы мугалим Нооруз майрамында тайдын өпкөсүнөн жасалган олобо тамагын көргөзмөгө койду. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Жыргалбекова Алина Жыргалбековна 1995-жылы Баетов айылында туулган. Ал Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде, андан соң жогорку окуу жайда билим алган. 2014-жылы Үгүт айылынын тургуну Адилет Токон уулуна турмушка чыккан. Адилет Токон уулу учурда Баетов айыл аймагына караштуу Үгүт айылынын башчысы болуп иштейт. Жубайлар 2 уул, 3 кыздын ата-энеси.
Алина Жыргалбекова 8 жылдан бери аталган айылдагы Муса Баетов атындагы орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенип келет.
Мугалим олобо жасоо үчүн 1 жума сүт чогултканын айтты.
«Бала чагымда апам койдун, эчкинин өпкөсүнө сүт куюп, олобо жасаганын көрүп чоңойдум. Олобо жасаган мага тааныш эле болчу. Кийин турмушка чыккандан кийин кайненем дагы өпкөнү көп куюп, олобо жасап жүрдү. Апамдан көрүп жүргөндүктөн койдун өпкөсүнө сүт куюп, олобо жасап турчумун. Ал эми жылкынын өпкөсүнө сүт куюп, олобо жасаганды быйыл биринчи жолу жасап көрдүм. Жолдошум Адилет айыл башчы болгондуктан Ноорузга карата кыргыздын улуттук тамактарынан дасторкон жасашарын айтып калды. Мен ага "балким тайдын же жылкынын өпкөсүн таап, сураштырып көрбөйсүңбү, олобо жасап берейин" дедим. Жолдошум эртеси эле тайдын өпкөсүн таап келип калды. Ага сүт керек да. Бир жума бою сүт чогулттум», - деди ал.
Анын айтымында, тайдын өпкөсүнөн 80 литр сүт, 5 литр сары май куюлган.
«Өпкө чоң болгондуктан, дароо эле 100 литрлик казанга салып, куюп баштадым. Анткени ага сүт куюлган, таптакыр көтөрө албай калчудайбыз. Өпкөнү биринчи үйлөп, ичиндеги каналдарын ачып алдым. Эки казан сууну жылытып, өпкөнүн ичин жуудум. Андан кийин, биринчи 5 литр сары майды куюп, андан соң сүттү куюп баштадым. Сүт абдан жылуу болуш керек. Жалпы бул өпкөгө 80 литр сүт куюлду. Өзүм 3 уй саайм. Ошол уйлардын сүтүн 1 жума чогулттум. Бирок 3 уйдун сүтү жетпегендиктен улам кошуналардан, айылдагы эжелерден сүт чогултуп келдим.
Жылкынын өпкөсүн жалгыз куйуу мүмкүн эмес болгондуктан, айыл өкмөттүн кызматкери Айнагүл Мурсалиева эже келип жардам берди. 5 саатта куюп бүттүк. Бышырып алып, Нооруз майрамынын алкагында Баетов айылында өткөрүлгөн "Мыкты улуттук даам" сынагына катыштык. Башка дагы азык-түлүктөр болду. Тилекке каршы, сынактан жеңүүчү болот алган жокпуз. Бирок "Мыкты боз үй" сынагында Үгүт айылы 3-орунду ээлеп, акчалай сыйлыкка ээ болдук. Тайдын өпкөсүнөн жасалган олобо сыр сыяктуу болуп, абдан даамдуу болот экен», - деди Алина Жыргалбекова.
-------------------------------------------------------------------
Буга чейин Turmush Нарын шаарында Нооруз майрамына карата уюштурулган иш-чарада Ат-Башы районунан келген айымдар өздөрүнүн өзгөчө даамдарын тартуулаганын жазган.
Салтанатта тамак-аш көргөзмөлөрүнүн ичинен тайдын өпкөсүнөн жасалган ири көлөмдөгү олобо өзгөчө болуп, көпчүлүктү таң калтырды.
Ат-Башы районунун тургуну Жыпаркул Тилегенованын айтымында, бул даамды даярдоо чоң эмгекти жана убакытты талап кылды.
«Бул азык үчүн тайдын өпкөсүнө 130 литр сүт, 5 литр асылдык сары май жана 2,5 пачка туз сарпталды. Олобо толук 7,5 саат бою кайнатылды. Кадимки койдун өпкөсүнө болгону 20 литрдей сүт кетерин эсептесек, бул жолку даярдалган олобонун көлөмү өтө чоң экенин байкоого болот», - деди ал.