Turmush — Чүй облусунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында «Жөө жүргүнчү» аталышындагы рейд өтүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, рейд жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда болгон жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында жүргүзүлүүдө. Рейддик иш-чара учурунда жөө жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ал эми Москва районунун тургундары Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун боюнда жайгашкан борбордук «Ярмарка» базарындагы жол тилкесинин ортосуна коюлган бетон тосмодон жөө жүргүнчүлөр ашып өтүп жатканын билдирди.
«Ким тарабынан экенин билбейбиз. Бирде жөө жүргүнчүлөр үчүн бетон тосмонун бир бөлүгүн ачат, кайра жабат. Бул көрүнүш 2-3 жолу кайталанды. Түшүнбөй жатабыз. Башыбыз деле айланып калды. Ырас, ал жерде жер алдындагы өтмөк жол да бар. Бирок ага жетүү үчүн оор жүк көтөрүп, айланып, бир топ убакыт жүрүү кыйын. Ошондуктан бетон тосмодон ашып, жолдун экинчи тилкесине өтүп жатышат», - деди жергиликтүү тургундар.