Turmush — Ысык-Көл облусунда 8-март күнү жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, текшерүү учурунда мас абалында унаа айдаган 3 айдоочу кармалды. Мындан тышкары, 20 айдоочу тиешелүү документтери жок унаа башкарганы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого жана мас абалында унаа башкарбоого чакырат.