Turmush — Ирандын Тегеран шаарында жашап, Экономикалык кызматташтык уюмунун секретариатында эмгектенип жаткан Маматмуса Укубаев Turmush басылмасына маек берип, бул өлкөдөгү жашоо, элдин мүнөзү, мамлекеттик саясат, аялдардын укугу жана учурдагы кырдаал тууралуу айтып берди.
Маматмуса Укубаев 1980-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Жалал-Абад облусундагы №9 мектептен, ошол эле учурда 2 жыл түрк лицейинде билим алган. Мектепти бүткөндөн кийин Бишкектеги МУКта эл аралык мамилелер багыты боюнча окуган. Кийин Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы башкаруу академиясында магистратураны аяктаган.
Ал Жогорку Кеңештин иш башкармалыгында 10 жылдай эмгектенген. Кийин энергетика тармагында, тактап айтканда, «Электр станциялар» ААКсында иштеген. 2021-жылы энергетика тармагынан аталган уюмга Кыргызстандан талапкерлерди көрсөтүү боюнча сунуш түшүп, Маматмуса Укубаевдин талапкерлиги да сунушталган. Сынактын негизги талаптарынын бири — энергетика тармагын билүү жана англис тилин жакшы өздөштүрүү болгон. Ал сынактан өтүп, ошол жылдан тарта башкы штабы Тегеран шаарында жайгашкан Экономикалык кызматташтык уюмунун секретариатында эмгектенип келе жатат.
Иран элинин мүнөзү же «төлөбөй эле коюңуз» деген сөздүн төркүнү
«Иранга келгенимде жергиликтүү элдин мага карата терс мамилесин бир да жолу байкаган жокмун. Абдан жөнөкөй, кичипейил, меймандос эл экен. Албетте, ар бир улуттун ичинде жакшысы да, жаманы да болот. Мындай адамдар бул жакта деле бар. Бирок жалпысынан иран эли мага абдан жакты. Анын үстүнө маданиятыбыз да жакын экен. Айрым кыргыз сөздөрү перс тилинен келген эмеспи.
Иран чоң мамлекет жана тарыхы терең өлкө болгондуктан, анда ар кандай улуттар аралаш жашайт. Жалпылап айтканда, аларды эки топко бөлсө болот: байыртадан отурукташып, соода менен алектенгендер жана тоо арасында көчмөн турмуш кечирип келгендер.
Элдин жалпы мүнөзүнө сиңип калган айрым көрүнүштөр бар экен. Бизде да ошого окшош учурлар кездешет. Бир жолу дүкөнгө кирип калдым. Анан алган нерселеримди дүкөнчү карап туруп, “төлөбөй эле коюңуз” деп сылык жылмайды. Мен муну чын эле айтып жатат деп ойлоп алыпмын. Кийин байкасам, бул сылыктык иретинде айтылган сөз экен. Алар антип айтса, чындап эле төлөбөй чыгып кет дегенди билдирбейт экен. Сиз “жок, рахмат, төлөйм” деп жатсаңыз да, “кой, төлөбөй эле коюңуз” деп дагы 1-2 жолу кайталашы мүмкүн. Мындай өзгөчөлүктөрү бар. Өтө сылык эл. Бири-бири менен көрүшүп калса, дароо эле маселеге өтүп кетишпейт. Кеминде 5 мүнөт ал-акыбал сурашып турушат», — деди ал.
Элдин жашоосу же 2 сомдук бензин, жылына 300 сомдук коммуналдык төлөм
«Мен факты менен айтып берейин. Биринчиден, бензиндин 1 литри 2 сом турат. Суудан арзан. Газ да аябай арзан. Мисалы, коммуналдык төлөм үчүн 1 жылга 3 доллар төлөдүм. Бул биздин акча менен 300 сомго жакын. Электр энергиясынын баасы да өтө төмөн. Ушул жагынан алып караганда, бул дүйнөдөгү жашоо эң арзан өлкөлөрдүн бири десек болот.
Дүкөндөрүндө өздөрүндө өндүрүлгөн товарлардын түрү абдан көп. Ирандын товарлары Кыргызстанга деле жетип, дүкөндөрдө сатылып жатат. Импорттук товарларга да субсидия берилет. Өздөрү толук камсыздай албаган буудай, ун, кумшекер, сүт, май сыяктуу азыктар импорттолот. Ошол импорт менен алектенгендерге мамлекет субсидия берип турат», — деди ал.
Мамлекеттин саясаты жана адам укугу
«Көчөдө ээн-эркин эле жүрөбүз. Кээ бир дүйнөлүк маалымат каражаттары сүрөттөп жаткандай эмес. Айрыкча чет элдик жарандарга жакшы мамиле кылышат. Албетте, кайсы гана мамлекетте болбосун бийликти жактырганы да, сындаганы да болот. Өзүн демократиялуу деп атаган өлкөлөрдө деле нааразы болгон адамдар бар да.
Иран бардык тарабынан душмандары менен курчалган өлкө. Дүйнөлүк державалар менен тирешип турган мамлекет болгондуктан, тартипти катуу кармап турууга аргасыз. Ошол эле маалда адам укуктары да жакшы каралган. Адам укугу менен мамлекеттик саясаттын ортосунда олуттуу карама-каршылык көргөн жокмун. Эгер мамлекеттик саясатка каршы чыгып, мыйзамды аттап өтсөң, албетте, анын жазасы ар бир өлкөдө эле болот.
Бул өлкө 47 жылдан бери санкцияда жашап келет. Айланасындагы өлкөлөрдө АКШнын аскерлери жайгашкан. Бирок коргонуусу мыкты, тартиби күчтүү болгон үчүн ушунча жылдан бери элдин турмушу сакталып келди. Интернетте чыккан маалыматтардын баарына эле ишене бербеш керек. Эгер кимдир бирөө чындап билгиси келсе, турист болуп келип, өз көзү менен көрүп кетсе болот», — деди ал.
Интернеттеги аялдар тууралуу маалыматтар
«Иран тууралуу интернетте аялдарды мал катары көрөт, басмырлайт, зулумдук кылат деген сыяктуу абдан көп жалган маалыматтар бар экен. Мен аны көрүп алып таң калдым. Мунун баары карандай калп деп айта алам. Себеби мен өз көзүм менен көрүп жүрөм.
Тескерисинче, аялдардын укугу абдан жакшы корголгон. Күйөөлөр аялга катуу сүйлөп, укугун тебелеп алуудан коркушат. Анткени мыйзам аялдардын пайдасына абдан жакшы жазылган. Иран диний мамлекет болгондуктан, аял кишилердин көбү иштебейт. Мыйзам боюнча аялды эркек камсыздашы керек. Аял киши иштеген күндө да өз айлыгын өзүнө коротот. Ал тургай балдарына эч нерсе алып бербөөгө да укуктуу. Аялдар жыргап эле жашап жүрүшөт. Эң кымбат унааларды минишет. Эркектери болсо жөнөкөй машиналарды айдап, эртеден кечке иштеп жүрүшөт. Кээде үйдө аял башкарып жаткандай таасир калат.
Эгер ажырашып кетсе, балдары атасында калат. Андан тышкары махры өтө чоң болот. Аны толук төлөп бериши керек. Эгер күйөөсү махрды төлөй албай калса, ажырашкан аял сотко берип, ал тургай каматышы мүмкүн. Махр төлөнгөндөн кийин гана бошойт. Ушундай мыйзамдардын айынан эркектер аялдарынан чочулап турушат.
Кээ бир көчөлөрдө аялдар жоолуксуз эле, ачык жүрүшөт. Эч ким аларды кармап, камаган жок. Бирок, чынын айтканда, жаштардын митингдеринен кийин жоолук маселеси бир аз бошоңдоду. Негизи мыйзам боюнча аялдар башына жоолук салышы керек. Иран диний мамлекет болгондуктан, Ислам дининин шарият эрежелери менен жашашат», — деди ал.
Медицинасы бекер
«Медицинасы жакшы өнүккөн. Бирок мамлекеттик акысыз ооруканаларда кезек күтүү көп деп угуп жүрөм. Ошол эле учурда жеке менчик ооруканалар да бар, бирок алар кымбат. Бай адамдардын көбү ошол жакка кайрылышат. Ал эми карапайым эл мамлекеттик бекер ооруканаларда 1 сом төлөбөй дарылана алат.
Бир жолу Кыргызстандагы досум байланышып, карындашына керектүү бир сүйкөмө май тууралуу суранып калды. Дарыканадан издеп көрсөм, биздин акча менен 20 сом экен. Мен андан 10 даана алып жибердим. Көрсө, Кыргызстанда анын бир даанасы 400 сом турчу экен. Азыр ал дары 30 сом болуп калыптыр. Бул окуя болжол менен 2 жыл мурун болгон. Дарыкана тармагы өтө өнүккөн», — деди ал.
90 миллиондон ашкан калк
«Калкынын саны 90 миллиондон ашып калды. Ушунча элдин саламаттыгын карап, коопсуздугун камсыздап, бакубат жашоосун сактап, бир тартипке салып туруу — экономикалык кысымдагы мамлекет үчүн өтө кыйын. Бирок алар элди чачыратпай, ачка калтырбай, дарылатып, жолун таап келе жатышат.
Мурда Ооганстандан качып келгендер болгон. Кийин АКШ аскерлери чыгып, талибдер бийликке келгенде да абдан көп оогандыктар бул жакка качып келишкен. Ошондон тарта бери дегенде 5 миллиондой ооган качкыны бар деп айтышат. Аларга башында Иранда социалдык жардамдар көп берилген. БУУнун качкындар боюнча башкармалыгынын 3 кеңсеси бар. Ошол миллиондогон ооган качкындарын да батырып, багып жатышат», — деди ал.
Кыздардын 90 пайызы жогорку билимдүү
«Билим берүү тармагы да жакшы өнүккөн. Университеттерди карасаң, эркектерге караганда кыздар көп окушат. Кыздардын 90 пайызы жогорку билимдүү. Бирок ошол жаш кыздар интернеттеги пропаганданын таасирине түшүп, бийликке каршы митингдерге чыгып, “жоолук салынбайбыз” деп жатышпайбы. Алар жаш болуп, чыныгы баалуулуктарды толук түшүнө элек деп ойлойм. Мыйзам аялдардын укугун канчалык коргоп жатканын унутуп, бир гана жоолук маселесин көтөрүп чыгышууда. Ошентсе да, жоолукту деле эч ким күч менен салдырып жатканын көргөн жокмун», — деди ал.
Эгер согуш болуп кетсе...
«Режимге каршы болуп жүргөн тиктокчу жаштар, батышчыл жаштар өлкөдөн биринчи качып кетиши мүмкүн. Бирок улуу муун, орто муун жана улуттун бекем каада-салты, дин тарбиясы менен чоңойгон жаштары абдан кайраттуу, намыстуу келишет.
Булар бир кезде Ирак менен 9 жыл согушкан. Саддам Хусейн согуш ачып, Ирандын батыш аймагына кирип келген. Ал учурда Иранга эч ким жардам берген эмес. Бул жаңы революция болгон мезгил эле. Баары Хусейн Иранды басып алат деп ойлошкон. СССР да, Америка да, Европа да Саддам Хусейн тарапта болгон. Бирок ирандыктар 9 жыл бою майтарылбай согушуп, аны артка сүрүп чыгышкан.
Анын үстүнө Иран тоолуу аймакта жайгашкан, географиялык түзүлүшү да татаал. Ошондуктан кургактагы согушта бул өлкөнү жеңүү оңой эмес. Мындан улам душмандары элдин ынтымагын ичтен ыдыратууга аракет кылып келишет.
Бирок эл жакшы түшүнөт. АКШга ишенген ливиялыктар менен ирактыктардын бүгүнкү абалын көрүп турушат. Ирактан качып келген качкындардын арасынан өз кулагым менен уккам — айрымдары Саддам Хусейндин убагында жашоо жакшыраак болгонун айтышат. Мындай фактыларды эске алганда, Иран элин ичинен иритип жиберүү да оңойго турбайт.
Көчөлөрдө бомбалар жарылып жатса да, андан чочуп, коркуп качкан элди көргөн жокмун. Адамдар кадимкидей эле күнүмдүк жашоосун улантып жатышат», — деди ал.
Мамлекеттик башкаруу системасы
«Ирандын мамлекеттик башкаруу системасына окшош системаны дүйнөдөгү башка өлкөлөрдөн көргөн же уккан эмесмин. Бул жакта демократиянын да элементтери бар. Мисалы, президентти, парламентти эл шайлайт. Парламентинде, ал тургай, еврей депутаттар да бар.
Бирок мунун баарынын үстүнөн Ислам дини турат. Көптөгөн диний аалымдар Жогорку лидерди шайлашат. Мисалы, Римде кардиналдар чогулуп, Рим папасын шайлагандай эле. Жогорку лидер — өлкөнүн башкы адамы. Ал мамлекеттин стратегиялык маселелерин көзөмөлдөйт. Ал эми ички иштерди, экономиканы президенттер башкарат, шайланып келип, алмашып турушат.
Негизинен бул мамлекеттик системанын фундаментин бекем кармап турган нерсе — Ислам дини. Иранда перстерден тышкары арабдар, күрттөр, азерлер, түрктөр, түркмөндөр, балочтор, оогандар, кашкайлар, казактар сыяктуу көптөгөн улуттар жашайт. Ошонун баарын бириктирип турган мамлекеттик саясат күчтүү деп айтса болот», — деди ал.
Шиит жана сүннит
«Мен турист катары мечиттерин кыдырбасам, булар менен намаз окуган жокмун. Бирок Кыргызстандан келген, беш маал намаз окуган тааныштарым бул жактагы мечиттерге кирип, кадимкидей өз тартиби менен намаз окуп чыгышат. Алардын айтымында, шииттер эч кандай жаман көз менен карап, ыңгайсыздык жараткан учур болгон эмес.
Мен шиит-сүннит болуп ачык бөлүнгөн көрүнүштөрдү байкаган жокмун. Бул — Тегеран жана ушул сыяктуу чоң шаарлар боюнча көргөн-билгеним. Ал эми Ирандын башка шаарларындагы, аймактарындагы абалды так айта албайм. Анткени көргөн да, уккан да жокмун. Ал эми исмаилит, алавит сыяктуу агымдар бар экен. Аларды айрым ирандыктар да, бийлик да жактыра бербейт», — деди ал.
Учурдагы абал кандай?
«Жардыруулар болуп жатат. Өзүм күбө болгон учурлар да бар. Алгач бир жарк этип, анан 1 секунддан кийин соккунун толкуну келет. Үй титиреп кетет. 1-2 жолу ошондой жакын жерлерге түштү.
Учурда мен Тегерандан чыгып кеттим. Каспий деңизинин жээгиндеги шаарга келдим. Жумушту онлайн иштеп жатабыз. Биз иштеген уюм элчилик менен кеңешип, “өлкөңөргө кетем десеңер, жолдорун карап кетиңиздер” деп сунуш берип жатат.
Мага кошуна Азербайжан аркылуу Түркияга чыгууга боло турган жол сунушталды. Элчилик менен байланышсам, ушул багыт боюнча эвакуация планы түзүлүптүр. Чек арага биздин аты-жөнүбүз, паспорттук маалыматтарыбыз берилген экен. Каалаган убакта чыгып кетсек болот. Элчилик бул маселелерди алдын ала сүйлөшүп койгон.
Азыр мен турган Ирандын шаары тынч. Согуш болуп жаткан аймактан кыйла алыс. Жаратылышы кооз, көчөлөрүндө мандарин, банан өскөн сонун шаар экен. Азырынча кырдаалга байкоо салып турабыз. Эгер абал өтө курчуп кетсе, анда Азербайжандын чек арасы аркылуу чыгып, Бакудан Бишкекке учак менен кетем. Бул каттам жумасына 3 жолу каттайт экен», — деди Маматмуса Укубаев.