Turmush — Кыргыз Республикасынын президентинин №22 жарлыгына ылайык, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин ишине комплекстүү баалоо жүргүзүлдү. Баалоону тиешелүү агенттик өткөрдү.
Аталган баалоого 2025-жылы жалпы 86 аппарат жетекчи киргизилген. Анын ичинен:
- 64 аппарат жетекчи баалоодон өттү;
- 22 аппарат жетекчи кызмат ордунда 6 айдан аз иштегендиктен, баалоого алынган жок.
Жыйынтыгында:
- 44 аппарат жетекчи “жакшы” деген баа алды;
- 19 аппарат жетекчи “канааттандырарлык” деген баа алды;
- 1 аппарат жетекчи “канааттандырарлык эмес” деген баа алды.
“Жакшы” деген баа алган алдыңкы органдар:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку соту;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы;
- Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы;
- Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы;
- Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы;
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен);
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту;
- Кочкор-Ата шаардык мэриясы;
- Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы;
- Ош шаардык мэриясы.
Алардын катарында Ысык-Көл облусунан Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы да “жакшы” деген баага татыды. Райондун аппарат жетекчиси — Карыпбеков Адилет Карыпбекович.
Аппарат жетекчиси тууралуу эмне белгилүү?
Адилет Карыпбекович Карыпбеков 1990-жылы 18-сентябрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлгөн. Ал Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясында аппарат жетекчи болуп 2023-жылдын 22-мартынан бери эмгектенип келет.
Билими жана квалификациясын жогорулатуу
Адилет Карыпбеков 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын “бажы иши” адистиги боюнча аяктаган. Жогорку билимдүү юрист катары мамлекеттик кызматтын ар кыл тармактарында иштеп, практикалык тажрыйба топтогон.
Мындан тышкары, 2024-жылы “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта натыйжалуу башкаруу” багытында квалификациясын жогорулатып, заманбап башкаруу ыкмаларын өздөштүргөн. Ошондой эле 2019-жылы Германиянын «Hanns Seidel Stiftung» фонду уюштурган окуу программасына катышып, акылдуу шаарлар жана туруктуу өнүгүү, маркетинг жана туристтик дестинацияларды башкаруу темалары боюнча билимин тереңдеткен.
Эмгек жолу
Эмгек жолун 2010-жылы спорт боюнча инструктор болуп баштаган. Кийин Каракол шаарында жактоочунун жардамчысы болуп иштеп, укуктук тармакта тажрыйба топтогон.
2017-жылы Теплоключенка айыл өкмөтүндө башкы адис-юрист болуп эмгектенип, ошол эле жылы айылдык кеңештин төрагасы болуп шайланган. Бул кызматта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртууга, мыйзамдуулукту сактоого жана калк менен тыгыз иш алып барууга көңүл бурган.
2017–2023-жылдары Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясында юридикалык маселелер боюнча башкы адис болуп иштеген. Бул аралыкта район аймагындагы укуктук маселелерди жөнгө салуу, ченемдик-укуктук актыларды даярдоо жана экспертизалоо иштерине активдүү катышкан.
2023-жылдан бери Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп иштеп келет. Аппарат жетекчи катары мекеменин ички уюштуруу иштерин координациялоо, кадр саясатын жүргүзүү, иш кагаздарынын сапаттуу жана өз убагында аткарылышын көзөмөлдөө сыяктуу милдеттерди аткарат.
Сыйлыктары жана жетишкендиктери
Мамлекеттик кызматтагы жоопкерчиликтүү эмгеги үчүн бир катар ардак грамоталар жана төш белгилер менен сыйланган. Анын ичинен Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын, Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынын, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын ардак грамоталары бар. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Колдоо көрсөткөндүгү үчүн” медалы жана бир катар коомдук сыйлыктар менен да белгиленген.