Turmush — Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борбору жайгашкан имаратка 100 жылдан ашык убакыт болду.
Мэриянын маалыматына ылайык, имараттын так курулган датасы белгисиз. Бирок ага байланыштуу тарыхый окуяларга таянып, анын тарыхы бир кылымдан ашканын айтууга болот.
«Эл ичинде айтылып келген уламыштарга караганда, 1883–1888-жылдары Караколго келген саякатчы-изилдөөчү, географ жана натуралист Н.М.Пржевальский дал ушул үйгө келип кеткен экен. Бул тууралуу мугалимдерибиз биз кичинекей кезибизден айтып, имараттын тарыхын муундан муунга өткөрүп келишкен. Пржевальский бул жерде түнөп калганбы же бир канча убакыт жашаганбы — так маалымат жок. Бирок ал бул үйгө конок катары келген деп айтылат. Алгач бул үй аңчыга таандык болгондуктан, эл ичинде бүгүнкү күнгө чейин “Аңчынын үйү” деп аталып келет.
Кийинчерээк бул имарат шаардык сот катары пайдаланылган. Ал эми 1992-жылдан тартып бул жерде облустук балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борбору жайгашып, маанилүү коомдук функцияны аткарып келет.
Бул имарат архитектуралык эстелик гана болбостон, Каракол шаарынын тирүү тарыхын сактаган, анын тарыхый мурасынын символу болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.
Учурда Ысык-Көл облустук балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борборунда 452 бала билим алат. Борбордо 18 ийрим иш алып барат. Алардын катарында эрте өнүгүү мектеби, бий, комуз, кол өнөрчүлүк, «жаш туристтер» ийрими, сүрөт өнөрү (ИЗО), каржылык сабаттуулук, англис тили, сахналык чеберчилик, лидерлик мектеби, менталдык арифметика жана башка багыттар бар.