Turmush — Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагындагы кыш заводунун курулушу менен таанышты.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, завод 2024-жылы курулушу башталган.
Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагынан 25 гектар жер бөлүнүп, анда кытайлык «М Групп» инвестициялык өнөр жай коорпорациясы» жоопкерчилиги чектелген коому кыш чыгаруучу өндүрүш заводун орнотуп жана иштетүү үчүн келишимге кол коюлган.
2024-жылдын ноябрь айында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржылоо башталып, кыш заводун курууга капсула салынган. Учурда 120 м жерден суу чыгарылып, кыш заводунун куруу иштери кызуу жүрүүдө. Керамикалык кирпич чыгаруучу өндүрүш заводунун капиталдык салымынын көлөмү 10 миллион доллардан ашык. Ишке берилсе 60 адам жумуш орду менен камсыз болот. Ошондой эле заводдун кубатуулугу суткасына 150 000-200 000 даана кыш чыгарууга ылайыкташтырылган. Ишкананын курулушу 70 пайызга аяктап калган маалы.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «М Групп» инвестициялык өнөр жай коорпорациясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору — Жунусова Мээрим Маратовна. Компания 2024-жылы 22-февралда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: чопо жана каолин казып алуу.