Turmush — «Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү, милициянын капитаны Наргиза Букараева. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жумушу тууралуу айтып берди.
Наргиза Букараева 1989-жылдын 16-октябрында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында төрөлгөн. Милиция кызматкери болууну бала кезинен кыялданган каарманыбыз 2008-жылдан аталган тармакта эмгектенип келет.
«Айылдагы Ж.Алтымышбаев атындагы орто мектебинде 9-классты аяктап, андан кийин №81 кесиптик лицейде эсепчи кесиби боюнча билим алдым. Балалык кыялымды орундатуу үчүн 2008-жылы генерал-майор Ж.Шабиров атындагы атайын орто мектебин аяктадым», - дейт ал.
Анын айтымында, алгачкы жолу форма кийгенде сыймыктануу сезими жүрөгүн толкуткан.
«Бала кезимен форма кийип, кызматта жүргөнүмдү элестетчү элем. Алгачкы жолу форма кийгенде кубанып, сыймыктанып, толкунданганым эсимде. Окууну аяктагандан кийин 2011- жылдын 1-апрелинде Түп РИИБде жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү болуп эмгектенип баштагам. Эң биринчи жолу чакыруу түшүп, кыз ала качууга баргам. Кирип эле кызды алып кетебиз деген ой менен барганбыз. Бирок карыган апалар кыз менен кошо мени кошо курчап, көшөгө кошо киргизип алып, кечке ар кайсыны айтып чарчатканы эсимде. Апаларга ала качуу кылмыш экенин, мыйзамсыз аракеттерди токтотууга чакырып, түшүндүрүп жатып кызды алып кеткен элек. Жаш өспурүмдөргө дайым ала качууну токтотуу боюнча лексиялар окуп, түшүндүрүү иштери байма-бай жүргөндүктөн азыр бул көрүнүш токтоп калды», - дейт капитан.
Каарманыбыз 2011-жылдын 12-ноябрынан тарта Тоң РИИБде эмгектенип келет.
«Кесипке байланыштуу таамай атууга да көнүгөбүз. Анан ОИИБ 25 жашка чейинки айымдар арасында кызматтык көп түрдүүлүк боюнча биринчилик өткөрүп, анда экинчи орунду багынткам. Ошондой эле «Макаров» тапанчасынан ок атуу боюнча облустун биринчилигинде да экинчи орунду камсыздадым. Негизи ар бир милиционер таамай ата алышы керек», - дейт ал.
22 жашында турмушка чыккан погончон айым учурда беш баланын – үч кыз жана эки уулдун мээримдүү энеси.
«Милиция кызматкери жакшы кызмат кылышы үчүн үйүндө аны колдоо чоң болуш керек. Анын ишин түшүп, ар тараптан жакшы сөзү менен колдоп турса, иши да алга жылат. Жолдошум да менин ар тараптан колдойт.
Бала менен декреттик өргүүгө чыккан кезде жайлоого чыгып, бээни биринчи жолу саап көрмөй болдум. Биринчи жолу жылкынын жанына жакын келип, аябай коркуу сезими болгон. Ошондо өзүмө мотивация берип, «милиция кызматкери коркпош керек» деп анан коркпой саап кеткен элем», - дейт ал.
Каарманыбыз ардактуу эс алууга чыкканга чейин мекенге ак кызмат кылсам деген кыялы бар экенин кошумчалады.