Turmush — Чолпон-Ата шаары — Ысык-Көл районунун административдик борбору. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан курорттук шаар. Өлкөнүн борбору Бишкек шаарынан 240 чакырым, облустун борбору Каракол шаарынан 135 чакырым аралыкта жайгашкан. Батышынан Кара-Ой айылы, чыгышынан Бостери айылы менен чектешет.
Чолпон-Ата шаарынын калкынын саны 12 миң 864 адамды түзөт. Анын ичинен 11064 кыргыз, 1289 орус, 246 казак, 82 татар, 62 өзбек жана башка улуттун өкүлдөрү жашайт.
1975-жылы 4-ноябрда Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин президиумунун чечими менен Чолпон-Ата — Ысык-Көл районунун курорттук борбору статусуна ээ болуп, шаар макамын алган.
Чолпон-Ата шаарынын тарыхы
1853-жылы сарыбагыш менен бугу ууруларынын салгылашынан кийин Чолпон-Ата шаарына бакачынын 5 уруусу көчүрүлүп келген. Ал жер чек ара аймагы болуп турган.
1863-жылы Түндүк Кыргызстан Орус империясынын карамагына өткөндөн кийин, орус бийлиги акырындык менен кыргыздарды тоолуу аймактарга сүрүп чыгып, жашаган жерлерин болуштарга (волость) бөлүп, түшүмдүү, ойдуң жерлерге келгин орус жана украиндер отурукташкан. Чолпон-Атага алгачкылардан болуп көчүп келген орус, украин дыйкандардын саны 15 түтүндү түзгөн. Алар — Баженов, Лопатин, Кисилёв, Бедро, Самсонов жана башкалар. Кисилёв почта станциясынын ээси болгон. Ошондо биринчи көчө пайда болгон. 1922-1924-жылдары айыл эки эсе көбөйүп, 30-35 үй-бүлө болгон.
1916-жылдагы Үркүн тууралуу
«Чоң аталар айтып берди эле. 1916-жылы Чолпон-Ата жана Долинка (азыркы Кара-Ой айылы) Түп аймагы жакка мал-жандыктары менен аскерлерден качып баратканда, бир ашууда жазалоочу отряд тосуп турган. Элдин ичинен 200гө жакын колдорунда союлу (таяк) бар жигиттер бөлүнүп чыгып, «Кырды 1-2 саатта тез ашып кеткиле» деп айтышкан. 200 жигиттин ичинен бирөө да тирүү калган эмес, каза болгондор кимдин балдары экени дагы билинбей калды. Биз мал-салды, боз үйлөрдү таштап, аттар менен качып, кырды ашып аман калганбыз. Бул азаптан кутулуп чыксак, кытай аскерлери аялдардын кулактарынан сөйкөлөрүн жулуп, аларды тоношкон. Баргандан кийин дагы кытай элине маалай болушкан», - дейт Чолпон-Ата шаарынын тургуну Улукбек Нааматов.
1921-жылы Чолпон-Ата шаарында кыргыз балдары үчүн мектеп ачылган. Мектепте биринчи мугалим Иманбай Жамилев болгон. Совет өкмөтү калк арасында сабатсыздыкты жоюу саясатын жүргүзөн.
Чолпон-Ата шаарынын аталышынын келип чыгышы жана уламышы
Бул окуя байыркы кыргыздар бир уруу болуп, бийик карлуу тоолордун этегинде жашаганда болгон. Ошол урууда көздөрү көк асмандан таза, жылдыздардан да жарык, жаш сулуу Чолпон деген кыз жашаптыр. Ал кызды эр десең эр, шер десең шер болгон Улан менен Санташ сүйүп калышат. Алардын кимисин тандоону билбей, Чолпон туруп калат. Кыздын жүрөгү үчүн жанын берүүгө даяр болгон эки жигит бири-бири менен таймаша баштайт.
Кийимдерин жулкушуп айрып, бирин-бири жарадар кылышат, бирок, бири экинчисин жеңе албайт. Көп өтпөй жигиттердин туугандары да таймашка кирет, натыйжада кызыл кан дарыядай агат. Чолпон эки жигиттин тең көңүлүн калтыргысы келбей, айласы кетип, көкүрөгүндөгү жүрөгүн сууруп алып, мүрт кулайт. Ал бийик тоодо жүзүн күн чыгышты каратып жаткан болот. Суук кабарды уккан эл сулуу кызын жоктоп, көп ыйлашат. Ысык көз жаш агып-агып, төө арасындагы өрөөндү каптайт. Анын натыйжасында Ысык-Көл пайда болот. Ал эми уруу — Күнгөй, Тескей болуп бөлүнүп, көлдүн түндүк жана түштүк жээгине отурукташып калышат.
Чолпондун атасы жылдыздуу асманга көз салып, ой жүгүртүүнү абдан жакшы көргөн. Күн сайын сүйүктүү кызы менен жолугушууга барып, күн чыга электе асмандын жаркыраган нурун байкап турган. Анын Күнгөй Ала-Тоо кырка тоосунун чокуларынын биринин боорунда сүйүктүү жайы болгон. Аны конуш тургундарынын баары жакшы билишип, «Чолпон ата» деп атап, көзү өткөндө ошол жерге коюшкан. Убакыттын өтүшү менен анын жана анын кызынын элесине арналган бул аймак бүтүндөй Чолпон-Ата деп атала баштаган.
Чолпон ата олуя...
Чолпон ата атактуу жылдыз санагыч жана касиеттүү дарыгер болгон. Анын жашаган доору белгисиз жана ал тууралуу маалыматтар так эмес. Ал жөнүндө эл оозунда айтылып жүргөн уламыштар гана бар. Ал уламыштарга ылайык, Чолпон ата деген олуя мындан он кылым мурда жарык дүйнөгө келген. Ал олуя өмүр сүргөн жылдары касиеттүү көгүлтүр көлдүн айланасы чытырман токой, түздүгүн калың камыш, бадалдар каптап жатчу экен.
Чолпон атанын азан чакырылып коюлган аты Мырзагул, атасынын аты Осмон болгон. Орус окумуштуусу В.В.Бартольд 1893-1894-жылдары көлдү кыдырып, Чолпон ата туурасындагы уламышты укканы бар. Орус окумуштууларынын билдирүүсүндө, Чолпон ата жөнүндө «дарыгер» (лекарь), «жылдыз санагыч» (звездочет) деп белгиленет. Чолпон ата жаратылышка жакын болуп, чөптөрдү, гүлдөрдү айырмалап таанып, дарылык касиетин билген. Андан сырткары, кирпик какпай таң атканча жылдыздарды санап, жылдыздардын жолун, жайгашкан ордун аныктаган. Таң Чолпон жылдызы чыкканча жылдыздарга байкоо салып, анын негизинде жер үстүндө боло турган кубулуштарды так айтып берген касиетке ээ болгон. Чолпон жылдызы менен сырдашып сүйлөшөт деген эл ага Чолпон ата ысымын ыйгарган.
Белгилей кетсек, кийин олуя Чолпон атага арналып, шаардын күн батыш тарабында 15 метр бийиктиктеги уникалдуу күмбөз курулган.
«Олуя Чолпон ата» күмбөзү бийиктиги 28 м келген 4 тирөөчтөн турган ачык жай. Анын туурасы 15х15 м болуп, пайдубалы граниттен тургузулган. Ортосунда чоң жашыл түстөгү купол болсо, 4 бурчунда 4 кичинекей купол орун алган. Алар малахит менен капталган. Ал эми маңдайкы тарабына жез пластинага араб тилинде «Чолпон ата олуя» деп жазылган. Күмбөздүн кире беришинде мрамордон жасалып, ар бири 3,7 тоннаны түзгөн 2 арстан турат.