Turmush — Каракол шаардык мэриясынын аппаратынын башчысы болуп Рыскул Сагымбаев дайындалды.
- Буга чейин бул кызматты Нуржигит Турсунбеков ээлеп келген. Ал башка иш орунга которулду. Аталган кызматка 3 этаптан турган сынактын негизинде дайындоо жүрөт.
Сагымбаев Рыскул Жумакадырович 1965-жылы 17-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Долон айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.
Билими:
- 1976-1982-жылдары Каракол шаарынын С.Киров атындагы орто мектебинде окуган;
- 1982-1989-жылдары Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунда математика сабагынан мугалим адистиги боюнча билим алган.
Ал мугалим, социалдык төлөмдөр бөлүмүнүн башчысы, мэриянын алдындагы туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча комитетинин төрагасы жана стадиондун директору болуп иштеген.
Толугу менен Turmush сайтына