Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ош облусуКара-Суу району 25.01.2020 19:49 На русском

Кара-Суудагы аламан улакта баш байгеге коюлган батирди Байыш Ниязов утуп алды

Turmush -  Бүгүн, 25-январда Кара-Суу районунун Савай айылында өткөн аламан улакта баш байгеге коюлган Бишкек шаарындагы 1 бөлмөлүү батирдин ачкычын улакчы Байыш Ниязов утуп алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аламан улакка Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан жана Кыргыстандын аймактарынан келген миңден ашуун улакчы катышты.

Аламан улакка баш байге катары Бишкек шаарынан 1 бөлмөлүү батир жана 6 автоунаа, 9 төө, 20 тай байге катары коюлган. Баш байгени Байыш Ниязов жана «Лимузин» унаасын Жолчу уулу Жоодар утуп алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×