Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Чүй облусуСокулук району 25.01.2020 12:06

Аялын 41 жолу бычактап өлтүргөн Эрмектин иши боюнча жаңы жагдайлар

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жогорку сот Чүй облусунун Сокулук районунда аялын мыкаачылык менен өлтүргөн адамга козголгон кылмыш иштин материалын карап чыгып, биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды.

Айыпталуучу — Эрмек [С.Э., аты өзгөртүлдү], 1990-жылы туулган, билими орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон эмес. Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну. Ага КРнын Жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) 2-бөлүгүнүн 3-4-пункттары боюнча айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Эрмек 2018-жылдын 10-октябрь күнү саат 08:00 чамасында Сокулук районундагы үйүндө болгон. Ошол учурда эч бир себепсиз аялы Жазгүлдүн [С.Ж., аты өзгөртүлдү] өмүрүнө кол салган. Тактап айтканда, столдун үстүндө турган бычакты алып, аны жерге жыгылтып, денесинин ар кайсы жерине 41 жолу сайган. Алган жаракатынан улам Жазгүл ошол жерде каза болгон.

Сокулук райондук сотунун 2019-жылдын 21-августундагы өкүмү менен Эрмек КРнын Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-4-пункттары боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 11-октябрынан тартып эсептелинген. Бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз камакта бойдон калтырылган.

Чүй облустук сотунун 2019-жылдын 22-октябрындагы өкүмү менен Сокулук райондук сотунун 2019-жылдын 21-августундагы Эрмек тууралуу соттук чечими өзгөртүүсүз калтырылган.

Айыпталуучунун жактоочусу сотто кассациялык даттануу келтирип, соттор тарабынан соттолуучунун психикалык абылы так аныкталган эместигин, тактап айтканда Эрмек кылмыш жасаганга чейин эле психикалык жактан ооруп келгенин айткан. Ал жазык иш боюнча кабыл алынган психиатриялык экспертизалар эки беткей корутунду берип келгендигин, ошондой эле соттор тарабынан анын алдын ала камакта отурган күндөрү эсептелинбей калгандыгын көрсөткөн.

Жактоочу Жогорку сотко кайрылып, Сокулук райондук сотунун жана Чүй облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарып, кайра соттук-психиатриялык экспертиза дайындоону суранган.

Жогорку сот иштин материалын карап чыгып, даттануу канааттандырылуусуз калтырууга жатат деп эсептеген. Соттолгон Эрмек жабырлануучу Жазгүлдү мыкаачылык менен өлтүргөнү аныкталган. Ага соттук-медициналык экспертизанын 2018-жылдын 25-ноябрындагы корутундусу жана далил буюмдар негиз болгон.

Жогорку сот иштин материалын карап чыгып, Сокулук райондук сотунун 2019-жылдын 21-августундагы жана Чүй облустук сотунун 2019-жылдын 22-октябрындагы Эрмек тууралуу өкүмдөрүн күчүндө калтырган.

Чечим 2019-жылдын 24-декабрында кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×