Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Ош облусуОш 20.01.2020 18:06

Видео — Түндө көчөдө жүргөн 2 жаштагы кыздын апасы табылып, окуянын чоо-жайын айтып берди

Көчөдөн табылган 2 жаштагы кыздын апасы
Көчөдөн табылган 2 жаштагы кыздын апасы

Turmush -  29-декабрь күнү Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсүнөн табылган 2 жаштагы кыздын апасы бүгүн, 20-январда табылды. Ал учурда Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмчөсүндө көрсөтмө берип жатат.

Сулайман-Тоо милиция бөлүмчөсүнүн жетекчисинин орун басары Талантбек Капаров 2 жаштагы кыздын апасы саат 15:30 чамасында Ош шаарындагы Курманжан датка жана А.Навои көчөсүнүн кесилишинен табылганын билдирди.

«2019-жылдын 29-декабрь күнү түнкү саат 1:30 чамасында Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсүнүн №278 үйүнүн жанында ыйлап жүргөн 2 жаштагы кызга тез жардам кызматы барган. Алар бизге телефон чалышкан. Ошол замат ыкчам топ айтылган жерге барып, кызды биздин бөлүмчөгө алып келишкен. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кызды балдар үйүнө тапшырдык. Андан кийин ата-энесин табуу пландалып, тергөө кызматы атайын тапшырмаларды алган.

Кыздын апасы милиция бөлүмүнө алынып келип, ал Р.Р. экендиги аныкталды. Аны менен сүйлөшкөн учурда 29-декабрда таанышы менен бирге спирт ичимдиктерин ичип, уктап калышканын, ойгонсо кызы жанында жок экенин айткан. Азыркы учурда Жазык кодексинин 150-беренесинин (коркунучта калтыруу) негизинде тергөө амалдары жүрүүдө», - деди Т.Капаров.

Ал эми милиция бөлүмчөсүнө алынып келген Р.Р. буларга токтолду.

«29-декабрь күнү таанышым менен спирт ичимдигин ичкенбиз. Анан мас болуп, уктап калыптырбыз. Эртең менен карасам, кызым жок. Таппай койдум. Бир жумадан кийин "интернетке чыгып кетиптир" деп айтышты. Бирөөлөр "сени милиция камайт экен" дегенинен, милицияга барган эмесмин. Мен кылмыш кылган жокмун да. Азыркы учурда жашоом көчөдө гана өтүп жатат. Элден акча сурап жашайм. Адамдар жардам беришет. 5 жаштагы уулум балдар интернатында жашайт. Ал бир эженин үйүндө болчу, мен Өзгөнгө кеткенден кийин аны интернатка тапшырып коюшуптур. Өзүм Кызыл-Кыя шаарында туулгам. Балдар үйүндө тарбиялангам. Ошко 2014-жылы келгем», - деди кыздын апасы.

Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раеванын айтымында, учурда кыздын апасын энелик укугунан ажыратуу үчүн документтер даярдалууда.

«2019-жылы 29-ноябрь күнү Р.Р.нын 4 жаштагы уулун милиция кызматкерлери алып келишкен. Биз баланы "Боорукердик" балдар үйүнө жайгаштырганбыз. Көп өтпөй карындашы дагы табылды. Ал учурда реабилитациялык борбордо жашап жатат. Балдардын апасы уулун төрөгөндө 6 ай "Эне жана бала" борборунда жашап, бирок баласын таштабай, өзү менен ала кеткен. Эми балдарды багууга шарты жок экенине байланыштуу аны энелик укугунан ажыратуу үчүн Ош шаардык сотуна документтерди даярдап жатабыз», - деди Г.Раева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×