Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.11.2019 16:25

Сүрөт — Ысык-Көлдө журналисттерди куттукташты

Turmush -  Маалымат жана басма сөз күнүн утурлай Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Улан Асанбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, иш-чарага телерадиокомпаниянын, маалымат агенттиктердин журналисттери, ОИИБдин жетекчилиги катышты.

Улан Асанбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн куттуктап, кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракелик медалы менен Жакшылык Чортоновду, Аманкелди Жунусбековду сыйлады.

Ошондой эле ИИМдин ардак грамотасы менен Бакыт Шаимбетов, Сайкал Аттокурова, Мария Колесникова сыйланды. Ысык-Көл ОИИБдин ардак грамотасы 6 кызматкерге тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×