Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.11.2019 14:27

Ысык-Көлдө жазуучу Ташым Байжиевдин 110 жылдыгы белгиленип жатат

Turmush -  Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы драм театрда жазуучу, адабиятчы, манас таануучу Ташым Байжиевдин 110 жылдык мааракеси белгиленип жатат, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Иш-чарага өкмөттүн өкүлү Акылбек Осмоналиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, акын, жазуучулар, тургундар катышууда. Анда Т.Байжиевдин өмүр таржымалы айтылып, анын чыгармалары талкууланды.

Ташым Байжиев 1909-жылы Ак-Суу районунун Тепке айылында туулган. 1925-жылы жердеши К.Жантөшев менен Фрунзе шаарындагы педагогикалык техникумда билим алып баштаган. Окууну 1930-жылы аяктаган. Ошондон тарта мугалимдик кесипти аркалап, жогорку окуу жайларда иштеп, бөлүм башчылыкка чейин көтөрүлгөн.

1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, 1944-жылы жарадар болуп кайтып келген. СССР жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. 1950-жылы репрессияга кабылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Эки жылдан кийин — 1952-жылдын 17-февралында Караганда лагеринде каза болуп, 1955-жылы гана толук акталды.

Т.Байжиев «Чабуул», «Сен кимсиң?», «Досум», «Кытмыр өлдү», «Күрөө», «Тер-Сууда», «Суу боюнда» жана башка чакан повесть, аңгемелердин, «Жигиттер» пьесасынын автору. Адабиятчы Зияш Бектенов менен бирге кыргыз тилинин грамматикасы жана адабияты боюнча биринчи окуу китептеринин автору болушкан. Ошондой эле И.Тургеневдин, Л.Толстойдун, Д.Фурмановдун, А.Фадеевдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×