Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 06.11.2019 13:33

Сүрөт — Каркыра айылында кар жаады

Turmush -  Каркыра айылында кар жаады. Бул тууралуу айыл тургуну Чолпон Туратова билдирди.

Анын айтымында, кардын калыңдыгы 15 сантиметр. Азырынча малчыларга тоскоолдук жараткан жок.

«Быйыл октябрдын ортосунда алкачкы жолу кар жааса, кечээ, 5-ноябрда 15 см кар түштү. Азырынча жол боюнча көйгөй жок. Кышкысын кар күнү-түнү тынымсыз жааса бийиктиги 1 метрге чейин барат. Кээде шамал болгондо кар күрткүлөр бир жерге үйүлүп калганы түйшүк жаратканы болбосо, жашоочулар катаал шартка деле көнүп калдык», - деди Ч.Туратова.

Каркыра айылы Түп районунун борборунан 98 чакырым алыста жайгашса, деӊиз деӊгээлинен 2300 метр бийикте турат. Айылда кышында 24, жайында 30дан ашык түтүк эл жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×