Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 06.11.2019 09:22

Түптүн Миң-Булак айылындагы мектепти жаштар темир кашаа менен курчашты

Turmush -  Түп районунун Миң-Булак айылындагы И.Касмалиев атындагы орто мектепти тегерете темир кашаа менен курчап чыктык, деди «Миң-Булак жаштар ынтымагы» коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурбакыт Ибраимов.

Анын айтымында, былтыр И.Касмалиев атындагы орто мектептин чатыры алмаштырылганда эски шиферин айылдын тургундарына жарым баасында сатып, 30 миң сом топтолгон.

«Түшкөн каражатка Арал айыл өкмөтү 20 миң сом кошуп берип, 50 миң сомго темир сатып алдык. Аны менен жаштар 63 метр темир кашаа жасап, мектепти тегерете курчап бердик», - деди Н.Ибраимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×