Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 06.11.2019 08:17

Түп райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жаңы директор келди

Канат Мукамбетов
Канат Мукамбетов

Turmush -  Канат Мукамбетов Түп райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору болуп дайындалды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, директор болуп келген дарыгер жогорку категориядагы хирург Канат Мукамбетовду райондун акими Элчибек Жантаев кезектеги коллегияда райондун активи менен тааныштырды.

Мукамбетов Канат Турдукеевич 1983-жылы Түп районунун Күрмөнтү айылында туулган. Билими жогорку. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолу:

- 2008-2009-жылдары — Түп райондук аймактык ооруканасында дарыгер-хирург;

- 2009-2012-жылдары — Түп райондук аймактык ооруканасынын директорунун орун басары;

- 2012-2018-жылдары — Түп үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда хирург, УЗИ дарыгери;

- 2018-жылдан бери ушул мезгилге чейин «Аракет» медициналык борборунда үй-бүлөлүк дарыгер, «Ак-Булак» клиникалык борборунда жетекчи.

Үй-бүлөлүү, жубайы Амантурова Алина Улановна 1992-жылы туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×