Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.11.2019 17:25

Ак-Суунун Тегизчил айылындагы маданият үйү 3 млн сомго оңдолууда

Turmush -  Ак-Суу районунун Тегизчил айылындагы маданият үйү капиталдык ондоп-түздөөдөн өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Кара-Жал айыл аймагынын башчысы Сагын Бараканов билдирди.

Анын айтымында, маданият үйү 1969-жылы ишке берилген.

«Маданият үйү керектен чыгып, айылда иш-чаралар өтпөй калган. Быйыл оңдоо ишин жүргүзүп жатабыз, ага 3 млн 90 миң 800 сом жумшалат. Каражат республикалык бюджеттен түрткү берүүчү гранттын эсебинен бөлүнгөн. Ошондой эле өздүк салым катары Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 702 миң 500 сом каралган. Оңдоо иштеринен кийин китепканага, аксакалдар сотуна жана жаштарга бөлмө берилет», - деди С.Бараканов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×