Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 05.11.2019 16:10

Ысык-Көлдө ата-энелердин форуму өтүүдө

Turmush -  Каракол шаарында ата-энелердин форуму өтүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, укук коргоочулар, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, дин өкүлдөрү, мугалимдер жана ата-энелер болуп жалпы 500 адам катышууда.

«Эртең менен 7 секция уюштурдук. Анда улуттук педагогиканын негиздери, өспүрүмдөрдүн инсандык өзгөчөлүктөрүн өнүктүрүүдө үй-бүлөнүн ролу, билим берүү бөлүмдөрүнүн иштөө процесси, улуттар аралык жана диний агымдардын таасирин жоюу, энелер мектебин түзүү маселелери талкууланды», - деди Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Урумов.

Форумдун соңунда резолюция кабыл алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×