Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 04.11.2019 09:50

Түптө бокс боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунда кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата өспүрүмдөр арасында бокс боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Түп райондук бокс федерациясынын вице-президенти, РИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Давлет Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, мелдешке 80 спортчу катышкан.

«Мелдеште район боюнча 7 командадан келген 80 спортчу таймашты. Күрмөнтү, Ысык-Көл, Түп жана Талды-Суу айылдарынан келишкен булгаары мээлейчендер башкаларга караганда артыкчылыктарын көрсөтүштү. Милиция кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн мелдештин жеңүүчүлөрүнө грамота, медалдар тапшырылды. Сыйлыктарга Түп РИИБ менен милициянын ардагерлер кеңеши демөөрчүлүк кылышкан.

Ал эми жеке ишкер Рустам Казакбаев булгаары мээлейчендердин машыктыруучуларына жана бокс турнирин уюштургандарга спорттук костюмдарды жана башка баалуу белектерди тапшырууда демөөрчүлүк кылды», - деди Д.Абдыкадыров.

Сыйлыктарды Түп РИИБдин башчысынын орун басары Тынтык Алиев тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×