Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 31.10.2019 17:46

Караколдо мушкерлер менен мечиттин кызматкерлери имарат талашууда. Видео

Turmush -  Каракол шаарынын Жамансариев атындагы көчөсүндөгү №2 мечиттин короосунда жайгашкан имарат талашка түштү, деп билдирет аймактык кабарчы. Маалым болгондой, имаратты мушкерлер менен мечиттин кызматкерлери талашып, иш облустук сотко жетти.

Мечиттин имамы Айбек Белегоновдун айтымында, имарат мечитке тиешелүү деген мамлекеттик акт бар.

«Имарат мечитке тиешелүү деген мамлекеттик акт 2007-жылы берилген. Мен 2014-жылы имам болуп келдим. Мушкерлер зал алардыкы экенин айтышты. Биз тоскоолдук кылган жокпуз. Мечитке, мушкерлердин залына да бир короодон киребиз. Биз аларга башка жагынан эшик чыгарып алууну сунуштадык, бирок аны ишке ашырышкан жок. Имаратты күрөш залы кылалы дедик, бирок макул болушкан жок. Ал эми спортчулар бизди быйыл сотко беришти. Алгач ынтымакка чакырдык, болушкан жок. Эми алар прокуратурага кайрылышыптыр», - дейт имам.

Ал кошумчалагандай, спорт мектеби мечит мамлекеттик акт алгандан кийин 3 айдын ичинде сотко кайрылышы керек болчу. Мектеп 12 жылдан кийин кайрылып жатат. Ысык-Көл райондук сотунда биринчи отурум 2019-жылдын 19-июлунда болуп, иштин мөөнөтү өткөндүктөн кароосуз калтырылган. Спорт мектеби тарабынан кайрадан кайрылуу болуп, райондор аралык сот 10-октябрда мөөнөтү өттү деген чечимди жокко чыгарган. Ага мечиттин кызматкерлери нааразы болуп, облустук сотко кайрылды.

Ал эми Каракол шаардык балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектебинин мүдүрү Каныбек Шазыдаевдин айтымында, алар керектүү документтерди архивден толуктап, эми сотко кайрылышты. Себеби, спорт залды оңдоого долбоор жазуу үчүн имараттын документтери аларга тиешелүү болушу керек.

«Имарат 1960-жылы №14 кесиптик окуу жайынын устаканасы болуп курулган. Ал өрттөнүп кеткен. Окуу жайдын ичиндеги буюмдар көчүрүлүп кетип, кароосуз калган. Ошондо биздин мушкерлер демилге көтөрүп, өздөрүнүн эмгеги менен имаратты калыбына келтиришкен. Ошентип 1985-жылы мушкерлер залы болуп берилген. Анан 2002-жылы шаардык кеңештин токтому чыгып, имарат бизге өткөрүлгөн. Ал эми мечит 2007-жылы мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн мамлекеттик акт алган», - дейт ал.

Ошондой эле залда учурда 80 бала тарбияланып жатканын, бул жылдар аралыгында бир нече спорт чеберлери чыкканын кошумчалады. Аларга 4 машыктыруучу сабак берет.

№2 мечит 1883-жылы курулган. Аны тургундар татар мечити деп да аташат. Мечиттин аймагы 4 гектар 821 метрди түзөт. Ал жерде мечиттин башкы имараты, кошумча имараттары жана мушкерлер залы жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×