Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 29.10.2019 19:19

Мугалим М.Кыязова кайсыл эмгеги үчүн «Билим берүүнүн мыктысы» аталды? Сүрөт

Turmush -  Балыкчы шаарынын тургуну Махабат Кыязова №4 гимназия-мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, мугалимдик кесип өтө түйшүктүү, ошол эле учурда ардактуу.

«Билим берүү тармагында 1995-жылдан бери эмгектенип келе жатам. Учурдун талабына ылайык алдыңкы ыкмаларды колдонуп, ар бир аткарылган ишке жоопкерчилик менен мамиле кылууга аракеттенип келем. Мектепте, шаардык масштабда өтүүчү семинар, конференцияларга, педагогикалык окууларга, ар кандай сынактарга, олимпиадаларга активдүү катышам.

Таланттуу окуучуларым көп. Аларга сабак өтүү дагы кызыктуу. Кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча республикалык олимпиадада окуучум Турдуева Айназик 1-орунду, шаардык олимпиадада Шаршеева Жаркынай 1-орунду, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Ч.Айтматов — жер шарынын адамы» аттуу видео сынакта 2-орунду ээлешти. Ошондой эле 2018-2019-окуу жылында «Манас таануу» интеллектуалдык таймашында баш байгени алышты», - деди мугалим.

Махабат Кыязова ишиндеги ийгиликтери үчүн бир нече сыйлыктарга татыган.

2011-2014-жылдары Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы, облустук билим берүү институтунун, облустук билим берүү уюмдарынын ардак грамотасы менен сыйланган. Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасын алган. 2018-жылы Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган видео сынакта республика боюнча 2-орунду багындырганы үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланган.

2019-жылы «Интеллектуалдык менчик мектеп окуучуларынын көзү менен» сынагында 1-орунду алгандыгы үчүн ардак грамота менен сыйланган. Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп, коомдук иштерге активдүү катышканы үчүн Балыкчы шаарынын мэриясынын ардак грамотасына татыса, быйыл Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×