Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 23.10.2019 15:19 На русском

Үйү өрттөнүп, жолдошу кошо күйүп кеткен 71 жаштагы В.Величконун тагдыры

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын 71 жаштагы тургуну Валентина Величко жардамга муктаж. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өзүнүн айтымында, ал 20 жыл мурун бөөдө кырсыкка кабылып, Чолпон-Ата шаарына Бишкектен көчүп келген. Анын Бишкек шаарындагы үйүнөн өрт чыгып, күйөөсү үйдүн ичинде калып, кошо күйүп кеткен. Жолдошунан, үйүнөн ажырагандан кийин Ысык-Көлгө көчүп келүүгө аргасыз болгон.

Валентина Величконун эгиз уулдары Ооган согушунан кайтпай калган. Ал Чолпон-Ата шаарына келгенден тарта 15 жыл райондук оорукананын хирургия бөлүмүндө санитардык кызматкер болуп эмгектенген. Пенсияга чыккандан кийин дагы эс алуу жайларында ар түрдүү жумуштарда иштеди.

Акыркы эки жылдан бери ден соолугу начарлап, кулагы укпай калган. Ал айына 5000 сом пенсия алат жана учурда кароосуз калган мейманкананын бир бөлмөсүндө баш калкалап келет.

Ал жардам сурап, базардын жетекчиси Анара Мусаевага кайрылганда. Ал өзү иштеткен кафеден күндө акысыз тамактанууга шарт түзүп берди. Ал эми В.Величко өз каалоосу менен ашканадагы иштерге жардам берет.

Ал кыш мезгили келе жаткандыктан жашаган жери жок экенин айтып, кайрымдуу адамдардан жардам сурайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×