Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 19.10.2019 09:50

Ысык-Көлдө «Абайлагыла балдар» рейди өтүп жатат

Turmush -  Ысык-Көл облусунда өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарды алдын алуу максатында «Абайлагыла балдар» аталышындагы рейд өтүп жатат. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-октябрда башталган иш-чара 20-октябрга чейин уланат. Анын алкагында түзүмдүн кызматкерлери мектептерди кыдырып, окуучуларга жол эрежесин сактоо боюнча сабактарды өтүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жол сакчылары ага катар эле эртең менен окуучулар сабакка келген учурларда мектептерге жакын көчөлөрдө жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча кызмат өтөп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×