Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 09.09.2019 17:24 На русском

Түптүн тургундары нааразычылык акциясына чыгышты. Видео

Turmush -  Бүгүн, 9-сентябрда Түп районунун Түп айылынын тургундары жана жаштары айылдык кеңештин имаратынын алдына көйгөйлөрдү чечип берүүнү талап кылып чыгышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Айыл тургуну Алтынбек Рахимбаевдин айтымында, айыл аймак башчысы Алманбет Асакеев жана айылдык кеңештин айрым депутаттары көйгөйлүү маселелерди чечпей, коомдук угууларга тургундар катыша албай келет. Чогулгандар айылдагы таза суу, сугат суу, жарыктандыруу маселелерин айтышып, жер тилкелер туура эмес бөлүштүрүлгөнүн билдиришти.

Тургундар менен жолуккан Түп айылдык кеңешинин төрагасы Бексултан Умаралиев 80 гектар жер тийиштүү комиссиянын ишинин негизинде бөлүнгөнүн айтты. Ал эми тургундар иш алып барбаган айылдык кеңештин депутаттары иштен кетсин деп нааразы болушту.

Чогулган жаштар айылдагы көйгөйлүү делген 15 маселени тизмектеп, аларды чечүүнү өтүнүштү.

Ал эми Түп айыл аймагынын башчысы А.Асакеева жаштар көтөргөн маселелерди карап чыгып, кат жүзүндө жооп берише турганын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×