Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 06.09.2019 17:29 На русском

Сүрөт — Ысык-Көлдө 217 миң сомго курулган даараткана

217 миң 433 сомго курулган даараткана
217 миң 433 сомго курулган даараткана

Turmush -  Түп районунда 2 жыл мурун капиталдык оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториянын имаратынын дубалдары көгөрүп баштады. Бул тууралуу аталган лабораториянын жетекчиси Нурлан Токтобеков аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Евразиялык экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) талаптарына ылайык, айыл чарба продукциясын текшерүүчү лаборатория үчүн Түп райондук жол тейлөө кызматынын (ДЭУ) мурдагы имараты берилген. Бирок анын капиталдык оӊдоп-түзөө иштери толук аткарылбай, 2 жылдын ичинде сапатсыз жасалганы билинип калды.

«Капиталдык оӊдоп-түзөөгө мамлекеттен 4 млн 606 миӊ 975 сом бөлүнгөн. Тендерди 2016-жылдын октябрь айында "Аян-Курулуш" курулуш компаниясы утуп алган. Имарат 2017-жылдын жай мезгилинде пайдаланууга берилген. Бирок анын курулушу канааттандырарлык эмес, айрым бөлмөлөрдүн дубалы көгөрүп, кышында жылытуу системасы да түйшүккө салууда. Ал эми сырттагы даараткана үчүн кагаз жүзүндө 217 миӊ 433 сом каралса, бизге базардагы 3-4 миӊ сомдук эле даараткана орнотулду. Биз имараттын курулушун кабыл алууга башында эле кол койгон эмеспиз. Азыр тиешелүү органдар тарабынан текшерилип жатат. Имаратты курган компания менен байланышууга да мүмкүнчүлүк жок», - деди Н.Токтобеков.

Буга чейин Turmush басылмасы Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жерге-Тал айылындагы мектепке 714 миң сомго даараткана курулганын жазган.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×