Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 05.09.2019 12:36 На русском

Тоңдун Улахол айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер ат салышууда (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер ат салышууда. Бул тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шайлоо 10-сентябрда өтөт. Талапкерлердин улуусу Ишенбай Жээнтаев 1965-жылы Тоң районунун Туура-Суу айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Учурда Улахол айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жана Улахол айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп жатат. 2 уул, 2 кыздын атасы.

Экинчи талапкер Улан Эмилбеков 1990-жылы Тоң районунун Кара-Талаа айылында туулган. 2003-2008-жылдары К.Карасаев атындагы лицейде окуган. Кийин Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин экономика жана башкаруу факультетин аяктаган. Учурда Улахол айылдык кеңешинин депутаты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×