Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 04.09.2019 15:59 На русском

Окуучу кызды зордуктаган жигиттин окуясы эмне менен аяктады? Окуянын чоо-жайы

иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Балыкчы шаарында 6-класстын окуучусун зордуктоого шектүү делип кармалган жигитке козголгон кылмыш иш боюнча материал шаардык сотто каралып, чечим чыгарылды.

Айыпталуучу — Нарын облусунун Кочкор районунун 1989-жылы туулган тургуну Марат (М.М.Т., аты өзгөртүлдү) орто билимдүү, ажырашкан, мурда соттолгон эмес. Ал КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмү менен (Зордуктоо) айыпталып, 2019-жылдын 16-апрелинен бери камакта.

Милицияга кыздын атасы А.Д. 16-апрелде арыз менен кайрылган. Ал жергиликтүү тургун өспүрүм кызын алдоо жолу менен үйүнө алып барып, зордуктаганын билдирген.

Окуучу кыздын өзүнүн айтымында, эртең менен ал мектепке кетип бара жаткан жолдон 1989-жылы туулган Марат жолугуп, жаңы кийимдерди алып келгенин айткан. Андан үйүнө барып көр деп өтүнгөн. Кызды үйүнө алдап алып баргандан кийин зордуктаган. Окуя боюнча кыз алгач апасына билдирген.

Аталган кылмышка шектүү делген жаран кармалып, Балыкчы ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген жана ал күнөөсүн мойнуна алган.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Марат 15-мартта жаңы товар жана кийимдерди көрсөтүү шылтоосу менен 2006-жылы туулган Алтынайды [Ж.А.А., аты өзгөртүлдү] үйүнө чакырган. Марат кыздын алсыздыгынан пайдаланып, анын каршылык көрсөткөнүнө карабай зордуктаган.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча кыздын кыздык белгиси жабыркаганы аныкталган. Эксперттер кыздык белги качан жабыркаганын так аныктай алышкан эмес. Кыздын денесинде жана жыныстык органдарында жаракаттар болгон эмес.

Сотто Марат күнөөсүн мойнуна албай, Алтынай менен Ала-Тоо кичи районунда таанышканын билдирген. Ошол учурда анын колунда кийимдер салынган баштык болгон. Алтынай андан: «кийим сатып жатасызбы?», деп сураганда ал: «ооба» деп жооп берип, бул киймдерден тышкары үйүндө дагы сатыла турган башка кийимдер бар экенин билдирген. Алтынай аларды көрсөтүүнү өтүнүп, аны менен Мараттын үйүнө барган. Кийимдерди көргөндөн кийин 10 мүнөт өткөн соң алар эшикке чыгышкан. Марат анын канчанчы жылы туулганын сураганда Алтынай 2000-жылы төрөлгөнүн айткан. Ошол учурда саат 20:30 болгон.

Соттолуучунун айтымында, Алтынай кийим алууну каалаган. Бирок акчасы жок экенин билдирген. Ал акчасын кийин берсе болобу деп сураганда макул болуп, алар кайра үйгө киришкен. Алтынай жеңи жок кийим жана байпак алган. Айыпталуучунун айтымында, Алтынай ачкычын жоготуп алганын жана үйүнө барбай турганын айткан. Алар төшөк салып, уктаганга даярданышкан. Алтынай ырдап жатып, андан кийин алар кучакташкан.

Айыпталуучунун айтымында, Алтынай ага «мен деле каалап жатам, бирок болбойт» деп айткан. Бирок Марат дүүлүгүп, аны менен жыныстык катнашка барган. Марат түн ичиндө Алтынайды үйүнө узатып барып, телефон номурун сураганда ал берген эмес.

Бир жумадан кийин Алтынай кайра анын үйүнө барып, үйүн жыйнап берерин айткан. Марат эшикке чыгып, кайра келгичекти ал үйүн жыйнаганга үлгүргөн. Кыз анын үйүндө түнөп калган. Алардын ортосунда кайра жыныстык катнаш болуп, андан кийин Алтынай үйүнө кеткен.

Кийинки жолу айыпталуучу Алтынайды 15-апрелде өзүнүн унаасы менен кетип бара жатканда жолуктурган. Алтынай анын унаасына отуруп, экөө чогуу жумуштарын бүтүрүп жүрүшкөн. Андан кийин Балыкчы шаарындагы эски базарга барышкан. Ал жактан Марат кызга көйнөк жана шым сатып берген. Андан кийин алар айыпталуучунун аталаш бир тууганы Уларга барып, Алтынайды тааныштырган.

Унаада кыз 2000-жылы туулганын айткан. Уларды бильярд клубуна чейин жеткирип, өздөрү болсо андан ары кетишкен. Кайра кайтып келе жатканда Уларга жолугушкан, ал телефонун унаага унутуп калганын жана үйүндө суу түтүгү бузулуп калганын айтканда анын үйүнө барышкан. Жолдогу дүкөндөн Алтынайга сыра жана сок алышкан. Орто жолдон Мараттын унаасынын бензини түгөнүп калып, ал такси менен бензин алып келген. Акчасы жок болгондуктан ага Улар төлөп берген. Андан кийин Алтынай менен кошо алар карындашынын үйүнө барганда саат 02:00 болуп калган.

Кыздын апасы билдиргендей, ал 2018-жылы декабрда Россияга иштегени кеткен. Ал 15-апрелде кызы мектепке кеткен бойдон кайтып келбегенин укканда дароо билет алып, үйүнө 17-апрелде келген. Ал убакта кызы табылып калган болчу. Ошондой эле ал Марат аттуу жигит кызын бир нече жолу зордуктаганын уккан. Анын айтымында, кызы өзүн айыпталуучуга 2000-жылы туулганын айткан. Кыздын апасы аны ачык айыптоодон баш тартып, айыпталуучуга доосу жок экенин билдирген.

Окуучу кыз биринчи жолу Марат күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Окуядан кийин ал ыйлап, Марат андан кечирим сураган. Алтынайдын айтымында, кийинки жолу айыпталуучунун үйүнө өзү барган. Алардын ортосунда кайрадан жыныстык катнаш болгон. Сотто кыз Маратка эч кандай доосу жок экенин билдирип, аны актоону өтүнгөн.

Сотто Мараттын карындашы билдиргендей, 15-апрелде агасы Алтынай менен бирге анын үйүнө барышкан. Чай ичип отурганда Алтынай 18 жашта экенин, бий боюнча мугалим болуп иштерин жана Кореяда котормочу болуп иштеп келгенин айтып берген. Жарым саат отурушкандан кийин Марат менен Алтынай кетишкен. Саат 22:30 чамасында кайра келишип, саат 02:00гө чейин болушкан. Алтынай кеткенден бир нече убакыттан кийин анын үйүнө милиция кызматкерлери барып, тергөөчү Алтынай менен анын агасынын мамилеси тууралуу айткан.

Кылмыш иштин материалын карап чыгып, Балыкчы шаардык соту Маратты КРнын Жазык кодексинин 161-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратты. Чечим ушул жылдын 7-августунда кабыл алынды. Тараптар апелляциялык арыз менен Ыск-Көл облустук сотуна кайрыла алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×