Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 04.09.2019 09:31

Ак-Суудагы мектеп 140 окуучуга бут кийим алып берди

Turmush -  Ак-Суу районунун Чолпон айылындагы Үтүр Калиев атындагы мектептин башталгыч класстардагы окуучуларына ысык тамак берилип баштады. Бул тууралуу мектептин директору Аманбек Садыков билдирди.

Анын айтымында, ашканада тазалыкты сактоо үчүн жалпы 140 окуучуга бут кийим алынды.

«Мектепке тиешелүү болгон үлүш жерге тоют чөп өстүргөнбүз. Аны 81 миң сомго сатып, түшкөн каражатка башталгыч класстын окуучуларына бут кийим алдык. Ошондой эле ашканага текчелерди жасаттык. Аны демөөрчүлөр каржылады», - дейт мектептин директору.

Балдарга ысык тамак берүү үчүн Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 246 697 сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×