Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 03.09.2019 15:58

Түптө балдардын шоктугунан чөп өрттөнүп, турак үй күйүп кете жаздады (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Бирлик айылында өрт кырсыгы катталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, өрт 3-сентябрда саат 10:30 чамасында А.Какеев аттуу жергиликтүү тургундун үйүнүн жанынан чыккан. Өрттүн кесепетинен 600дөй түк саман өрттөндү.

«Өрт өчүрүүчүлөр өз убагында жетип, турак үйдү жана 1500 түк чөптү, сарайларды менен сактап калышкан. Өрттүн келип чыгышына кичинекей балдардын шоктугу себеп болуп, чыгымдар эсептелип жатат», - деп билдиришти ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×