Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 03.09.2019 11:49 Жаңыланды: 03.09.2019 17:31

Ак-Суунун алыскы Жыргалаң айылындагы мектеп 3 млн сомго оңдолду

Turmush -  Ак-Суу районунун Жыргалаң айылындагы Т.Асанбаев атындагы мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Шахта-Жыргалаң айыл аймагынын башчысы Талгат Мукалаев билдирди.

Анын айтымында, мектептин сырты жылууланып, электр чубалгылары жаңыртылды.

«Бизде кыш суук жана узак болот. Андыктан имараттарды жылытуудан мурда жылуулоо керек эле. Оңдоо иштери түрткү берүүчү гранттын эсебинен каржыланды. Ошондой эле Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан акча бөлүнүп, жалпы 3 млн сомдон ашык каражат жумшалды», - деди ал.

Т.Асанбаев атындагы мектепте 190 окуучу билим алып, 23 мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×