Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 01.09.2019 15:23

Балыкчыда Эгемендүүлүк күнү бир нече адамдар сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында 31-августта Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгы салтанаттуу белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Майрамдык иш-чара мэриянын алдындагы аянтта өткөрүлүп, алгач шаар мэри М.Кудайбергенов жана шаардык кеңештин төрагасы К.Сартбаев тургундарды куттукташты.

Ага улай өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алкыш баракчасы, шаардык кеңештин ардак грамотасы жана ыраазычылык каттары менен бир катар инсандар сыйланышты.

Майрамдык салтанат театралдаштырылган көрсөтмө, спорттук оюндар, концерттик программа менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×