Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 31.08.2019 17:07

5 адамдын өмүрү кыйылган унаа кырсык: Айдоочу айым мас абалда болгондугу такталды

Turmush -  Кечээ, 30-августта Сары-Камыш айылы менен Балыкчы шаарынын ортосунда жолдо кырсыкка кабылган «БМВ Х5» үлгүсүндөгү унааны айдап келе жаткан Е.Ф. аттуу айым мас абалда болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктан кийин аял медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүп, мас абалда экендиги такталган. Учурда анын акырегине операция жасалып, реанимацияда жатат. Иликтөө иштери улантылууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кечээ саат 17:20 чамасында 1978-жылы туулган Е.Ф. «БМВ Х5» үлгүсүндөгү унааны күн чыгышты карай башкарып бара жатканда каршы багытта келе жаткан «БМВ 525» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Е.Ф. башкарууга ээ боло албай калып, каршы тилкеге чыгып кеткендиги айтылууда. Анын кесепетинен «БМВ 525» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана 4 адам каза болгон. Айдоочу айым Е.Ф.менен жолошу В.С. Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылган.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Ысык-Көлдөгү Балыкчы—Чолпон-Ата жолундагы унаа кырсыктын кесепетинен 5 адамдын өмүрү кыйылып, 2 адам жаракат алгандыгы кабарланган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык 30-августта саат 17:30 чамасында «БМВ Х5» жана «БМВ 530» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда болгон. «БМВ Х5» унаасы Кант шаарында жашаган 41 жаштагы аял кишинин башкаруусунда болчу. Ал эми «БМВ 530» унаасын Каракол шаарынын 30 жаштагы тургуну (эркек киши) башкарып жүргөн.

Кырсыктан каза болгондор:

- Айдоочу А.Данияр (30 жашта);

- жүргүнчүлөр — Каракол шаарынын 1988-жылы туулган тургуну У.Альбина;

- Хабаровск (Россия) шаарынын 1977-жылы туулган тургуну А.Мамлакатхон;

- Бишкек шаарынын 1994-жылы туулган тургуну А.Шахида;

- Шахиданын 2018-жылы 22-июнда төрөлгөн кызы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×