Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 28.08.2019 20:51

Тоңдун Кара-Талаа айылында муундар арасында футбол уюштурулду

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылында кичүү жана улуу муундар арасында футбол мелдеши уюштурулду. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Абдыкапар Шаршенбаев билдирди.

Анын айтымында, бул жолку футбол мелдешти 1966-жылы төрөлгөн тургундар уюштурушту.

«Улуу, ортоңку жана кичи муун кылып ойноттук. Алгач 1966-жылкылар менен 1968-жылкы тургундар беттешти. Андан соң ортоңку муундар (9 команда) күч сынашты. Ошондой эле кичүү муундун 7 командасы беттешти», - деди ал.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, медаль, диплом тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×