Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 28.08.2019 12:50 На русском

Банктын кызматкери кардарларды 20 млн сомго алдап кетти деп шектелүүдө. Видео

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун жашоочуларынан турган топ алдымчылык фактысы боюнча укук коргоо органдарына кайрылышты.

Жергиликтүү тургун Калыйбүбү Окееванын айтымында, 2018-жылдын декабрь айында банктын кызматкери анын атынан 200 миң сом насыя алган. 2019-жылдын апрель айында 150 миң сомду анын жолдошунун атына жазып алса, 31-июнда кошумча 35 миң сом алган. Бул сумма боюнча насыялык милдеттенмелер 100 миң сомго жеткен.

«2008-жылдан бери насыя алып жүрчүбүз. Ал ишенимге кирип алып, алдап кетти. Кийин кызы ооруп калганын, акча керек болуп жатканын айтып, жардам сураганда акча алып бергем», - дейт К.Океева.

Ал эми Кереге-Таш айылынын жашоочусу Нурбүбү Үмөталиеванын айтымында, ал Айгерим менен болгон мамилеси ушундай болуп аяктайт деп ойлогон эмес. Ал насыяларды 2014-жылдан баштап ала баштаган.

«Ал жардам сурап кайрылганда 100 миң сом насыя алып, 50 миң сомун бергем. Бир насыяны жапканбыз. Андан кийин үч жолу алдык, аларды өз убагында төлөгөнбүз. Учурда 130 миң сом карызбыз», - деди ал.

Гүлийпа Нурсеитова эч убакта насыя албаганын айтат.

«Айгерим текшерүү келип жатканын айтып, жардам сурады. 500 миң сом, 300 миң сом, анан 50 миң сом алдык. Мен алган насыялар менен ал башка карыздарын төлөптүр. Акчаны мен үйдөн бергем жана насыяны кызыма жаздырганбыз. Бул маселе боюнча Ысык-Көл облусунун башчысына кайрылдык. Биздин кайрылууну 14 күндүн ичинде карап чыгабыз деп айтышты», - деди ал.

Ак-Суу РИИБге бул аялга чара көрүү өтүнүчү менен 51 адам кайрылган. Маалыматты РИИБдин тергөө кызматынын ага тергөөчүсү Самат Мухтаров тастыктады.

Анын айтымында, 21-августта «Компаньон Банкы» ЖАКтын Теплоключенка айылындагы филиалынын насыя бөлүмүнүн адиси Айгерим Макерованын атына арыз келип түшкөн. Анда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну Жылдыз Курманалиева анын ишеничине кирип, 200 миң сом алып качып кеткенин айткан.

«Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда район боюнча 51 адам арыз жазып, жалпы чыгым 20 млн сомго жакын болду. Айгерим Макерова банкта иштеп жатканда 700 абоненти болгон. Ал болжол менен 400гө жакын кардарды алдаганга шектелүүдө. Арыздардын негизинде Чек ара кызматына алдамчылык менен шектелген Айгерим тууралуу кайрылуу жөнөтүлгөн. Жарандар кайрылган күндөн бир күн мурда шектүү Казакстанга чыгып кеткендиги маалымдалды. Эл аралык издөөгө берүү үчүн документтер даярдалып жатат», - дейт Самат Мухтаров.

«Компаньон Банкы» ЖАКтан аталган кызматкер банкта 2012-жылдын 31-декабрынан 2019-жылдын 20-августуна чейин иштегенин тастыкташты. Ал акыркы жолу насыя бөлүмүнүн жетектөөчү адиси кызматын аркалаган. Банк жана кардардын ортосундагы мамилелердин баары келишимдин негизинде түзүлөт. Насыялык келишимди түзүүдө кардарлардын укуктары жана милдеттери жазылат, бул боюнча аларга жазуу түрүндө дагы көрсөтүлүп, түшүндүрүлөт. Банктын кызматкерлери менен каржылык мамиле түзгөн физикалык тараптар үчүн банк жоопкерчилик албайт.

«Банктын ички көзөмөл бөлүмү насыялык кардарларга дайыма мониторинг жана анализ жүргүзүп турушат. Акыркы жолу 2019-жылдын апрель айындагы пландуу текшерүүдө кардарлар менен жолугушуу жүргүзүлгөн. Анда бул иш боюнча жабырлануучу катары көрсөтүлгөн кардарлар дагы болгон. Мониторинг учурунда кардарлар тарабынан эч кандай даттануулар түшкөн эмес. Учурда банкта ички иликтөө иштери жүрүп жатат. Ар бир кардар менен банк берилген арыздын негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында иштөөгө даяр», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×