Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 22.08.2019 16:41

Балыкчыда түтүкчөдөгү таза суудан курт чыгып жатабы? Адистердин жообу

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында К.Тыныстанов атындагы көчөдө суу түтүкчөлөрдөн аккан таза суудан курт чыккандыгы боюнча видеолор социалдык тармактарга тарагандан кийин текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ооруларды алдын алуу, санитардык-эпидемиологиялык борборунун жана суу түтүкчөлөр ишканасынын кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

«Суу түтүкчөлөр» ишканасынын башчысы Таалай Мамбеталиев көйгөй боюнча айтып жатып: «К.Тыныстанов көчөсүнүн өйдө жагындагы Дамба району жеке сектор болуп эсептелет, бул жакта суу боюнча көп жылдан бери көйгөй бар. 3-4 күндө жамгыр катуу жаап, кыян жүрүп, Калмак-Ашуу суусуна кошулгандыктан кир суу келип жатат. Кооптонууга негиз жок. Калмак-Ашуу суусу сугатка гана берилет, бирок бул жакта бир гана скважина иштейт, ичүүчү суу жетишпейт. Скважина саатына 30 куб метр суу берет, анын кубаттуулугу бул районго аздык кылат. Себеби акыркы 7 жылда тургундардын саны 3-4 эсеге өстү.

Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун биринчи фазасында эсептегичтер орнотулуп, мониторинг өткөргөнүбүздө бул райондо күнүнө 2,5 миң кубдан суу колдонулуп жатат. Өзгөчө жай мезгилинде көп колдонулат. Элден анчалык деле арыздануу болгон жок, сууну үзгүлтүккө учуратпай берип тургула деп гана суранышты.

Президент С.Жээнбеков көзөмөлгө алган аймактарды таза суу менен камсыз кылуу программасына биздин шаар дагы кирген. Европа өнүктүрүү банкы тарабынан 5,2 млн евролук инвестициялык долбоор быйылкы жылы ишке аша баштайт. Учурда инженер-консультанттар иштеп жаышат, долбоорлор түзүлүп, сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Буюрса 2020-2021-жылдары бул долбоор ишке ашат. Балыкчы шаары боюнча эң биринчи ушул Дамба районунун маселесин чечебиз, бул жердеги резервуардын жанына насостук станция курулат. 7 км суу түтүкчөлөрүн тартып, районду таза суу менен камсыз кылабыз», - деди.

Ооруларды алдын алуу, санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Жаңылай Мамбетованын айтымында, бул суу түтүкчөдөн чыккан суу ичүүгө жарабайт.

«К.Тыныстанов көчөсүнүн жогору тарабындагы элге Калмак-Ашуу суу түтүктөрүнөн суу берилет. Бул суу чарбадагы керектөөгө гана берилет жана ичүүгө жарабайт. Бул боюнча тургундарга мурдатан айтылган. Бүгүнкү күндө суу аркылуу жуккан жугуштуу оорулар каттала элек. Интернет булактарына тарап кеткен видеого байланыштуу биз суу түтүктөрүндөгү сууну токтотуп, таза сууну ташып берүүгө санитардык жобо бердик. Бул элдин арызынын негизинде жасалды, бирок тургундар кайра сууну токтотпоону айтып жатышат», - деди ал.

Ал эми жергиликтүү жашоосу Качыбек Токтомамбетов: «Сууда курт бар, ошондой эле жамгыр жааганда кээде суу кир болуп калат. Көбүнчө таза суу агат. Суу тынымсыз агып жатканы чындык. Жалпысынан айтканда суу түтүкчөлөрү ишканасынын кызматкерлери өз ишин жакшы аткарып жатышат», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×