Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 21.08.2019 14:23 На русском

4 жигиттин өмүрүн алган жол кырсык: Биринин ата-энеси тосмо арыз жазды

Turmush -  Ысык-Көл районунда жол кырсыктан каза болгон 4 жигиттин биринин ата-энеси тосмо арыз жазды. Бул маалыматты Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Жол кырсык ушул жылдын 7-июль күнү саат 04:35 чамасында Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 82-чакырымында, тактап айтканда Бактуу-Долоноту айылына жакын жерде катталган. Анда «БМВ Х7» менен «Лексус» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, анын кесепетинен 4 жигит каза болгон.

Учурда каза болгон 4 жигиттин биринин ата-энеси тосмо арыз жазып берди. Кырсыктан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков дагы жабыркаган.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, кырсык боюнча атайын дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы күтүлүүдө.

Буга чейин Turmush басылмасы аталган жол кырсык тууралуу жазган. Кырсыктын кесепетинен «Лексус 300» унаасынын айдоочусу жана 2 жүргүнчү — Бишкек шаарынын 1995-жылы туулган тургундары Д.Н. жана Б.Б. каза болгон. «Лексус» унаасындагы дагы бир жүргүнчү — Ош шаарынын тургуну К.Б. Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал кийинки күнү көз жумган (жалпы 4 адам каза болду).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×