Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 19.08.2019 13:40

Балыкчыдагы спорт мектепке күрөш килем алуу үчүн сертификат тапшырылды

Turmush -  Балыкчы шаардык спорт мектебине күрөш килемин сатып алуу үчүн сертификат тапшырылды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, сертификатты Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов тапшырды. Ал ошондой эле сентябрь айында 1 даана персоналдык компьютер, 1 даана олимпиадалык штанга берүүнү убадалады.

Шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы К.Давлетов агенттикке күрөш килемдеринин жана шаймандарынын эскиргендигине, машыгууга жарабай калгандыгына жана кээ бир компьютерлердин иштен чыгып, зарыл болуп жаткандыгына байланыштуу сураныч катын жөнөтүшкөнүн айтты. Буга кошумча эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Мелис Апыловдун 60 жылдыгына карата күрөш боюнча мелдеш өткөрүүнү пландап жатышканын белгиледи.

Балыкчы шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүндө спорттун 15 түрү боюнча 21 машыктыруучу, 500дөн ашык тарбиялануучу бар. Алардын ичинен эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча спортчулар көптөгөн ийгиликтерге жетишип келишет. Мисалы, эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорттун чеберлери бир тууган Айбек, Саяк Усуповдор бар.

С.Усупов 2018-жылы Кыргызстанда өткөн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында күрөш боюнча 1-орунду ээлеген жана эркин күрөш боюнча чоңдор жана уландар арасында Азия чемпионатында байгелүү орундарды багынтып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×