Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 19.08.2019 11:57

Жети-Өгүздө манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгы белгиленди. Сүрөт

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 16-18-август күндөрү белгилүү манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдык мааракеси белгиленди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чаранын ачылыш аземине Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев катышып, «Манас» эпосунун өлкө тарыхындагы ролуна, улуу манасчынын эмгек жолуна токтолушту.

Иш-чара 3 күнгө созулуп, анда манасчылар күнү-түнү «Манас» эпосунан үзүндү айтышты. Ага өлкөнүн булуң-бурчунан 20 манасчы чакырылган.

Саякбай Каралаев 1894-жылы Ак-Өлөң айылында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Кичинесинен байларга жалданып иштеп, 1916-жылы Үркүндө качкан. 1918-жылы өз ыктыяры менен аскерлердин катарында басмачыларга каршы согушкан. Ал «Манас» эпосун алгач чоң энесинен уккан.

Ал эми 1920-жылдары Чоюке манасчы менен таанышып, ошондон тарта «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү кеңири айта баштаган. 1930-жылы профессионал манасчы катары Фрунзеге чакыртылган. Аны белгилүү жазуучу Ч.Айтматов XX кылымдын Гомери деп атаган. Айтылуу манасчы 1971-жылы каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×