Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 19.08.2019 21:00

Айыл турмушу: Англис тилчи С.Касымбаев сабакты заманбап метод менен өтөт

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын 28 жаштагы тургуну Санжар Касымбаев 3 жылдан бери мугалим болуп эмгектенип келет. Аймакты кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 2009-жылы Кусейин Карасаев атындагы кыргыз-түрк лицейин бүтүргөн. Андан соң Эл аралык Ала-Тоо университетинде билим алып, 2015-жылы аны ийгиликтүү аяктаган.

«Эмгек жолумду 2015-2016-жылдары А.Осмонов атындагы “Билим Ордо” спорт комплексинде мугалим болуп иштөөдөн баштадым. 2016-2018-жылдары SOS-балдар айылында долбоор боюнча социалдык кызматкер болуп эмгектендим. Учурда Чолпон-Ата шаарындагы И.Абдуразаков атындагы мектеп-лицейде англис тили жана информатика сабагынан мугалим болуп иштейм.

Сабак балдар үчүн кызыктуу болушу үчүн алгач окуучулардын маанайын сурап, кызыктуу нерселерди айтып, сабакты азил-тамаша менен баштайм. Азыркы окуучуларга сабакты жаңы, заманбап метод менен өтүү керек деп ойлойм. Мурункудай аларга чектөө койбостон, сабакта өзүн эркин алып отурушуна, көз карашын, ой-пикирин ачык айтып, кеңири ой жүгүртүүсүнө шарт түзүшүбүз керек. Балдарга сабактын программасын гана түшүндүрүп койбостон, алардын руханий жактан дагы өнүгүшүнө салым кошуу керек», - дейт Санжар Касымбаев.

Ал жумуш учурундагы кызыктуу окуяларды эскерди.

«Жумушка жаңы киргенде мени көбү 11-класста окуйт деп ойлошчу экен. Бир күнү класста сабак өтүп жаткам. Теманы түшүндүрүп, окуучуларга көнүгүү берген соң классты аралап, басып жүргөм. Биринчи партада отурган окуучум “түшүнбөй жатам” дегенинен анын жанына отуруп, түшүндүрүп жаткам. Бир маалда класс жетекчи кирип келип, мени байкабастан окуучуларды уруша баштады. Анан “кайсы сабак?” деп сураса, балдар англис тили сабагы экенин айтышты. Ал: “Агайыңар каякта?” деп сураса, окуучулар күлүп жиберишти. Класс жетекчи менин партада отурганымды байкабай калганын айтып, кечирим сураган эле», - дейт ал.

С.Касымбаев бош убактысында электрондук китептерди окуп, спорттун футбол, волейбол жана стол тенниси менен машыгат. Ал бир кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×