Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 13.08.2019 08:45

Ысык-Көлдүн Орто-Байсоорун тоосунан чыккан өрттүн калдыктары өчүрүлүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Ананьев айыл аймагындагы токойдон чыккан өрттүн калдыктарын өчүрүүгө 150 адам тартылды. Бул тууралуу аким Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда чоң өрт өчүрүлдү. Бирок чок калган жерлер бар. Учурда өрт чыккан жерде 150 адам иштеп жатат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 9-августта Ысык-Көл районунун Ананьев айылынын Орто-Байсоорун тоосунан чыккан өрттү өчүрүүгө 161 адам тартылганы кабарланган.

ӨКМдин облустук бөлүмүнүн маалыматына караганда, тоо боорунан түтүн чыгып жатканын жергиликтүү тургундар өрт өчүрүү кызматына маалымдашкан.

«Бизге маалымат түшкөн соң райондук өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери барышкан. Тоо айылдан алыс болуп, унаа жете алган эмес. Өрттү өчүрүүгө куткаруучулар, жергиликтүү тургундар, токой чарбасынын кызматкерлери тартылган. Өрт талаадагы куураган чөптөн тутанып, карагайларга жайылган. Өрт өчүрүүчүлөр айылга унаа менен жетип, андан ары жөө барып, кол менен өчүрүп жатышат. Өрт 10-августта кечке маал курчоого алынып, жалындаган өрт өчүрүлдү. Учурда түтөп жаткан жерлер толугу менен өчүрүлүп жатат. Бүгүн өрттү өчүрүүгө ӨКМден 71 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 20 адам, Ысык-Көл облустук токой чарбасынан 70 адам, жалпы 161 адам тартылган», - деп билдиришкен ӨКМдин облустук бөлүмүнөн.

Тоо элеттен алыс болгондуктан адамдарды жеткирүү кыйынчылык жараткан. Мындан улам райондук администрация тарабынан атайын штаб түзүлүп, райондук түзүмдөрдүн техникалары тартылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×