Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуТүп району 13.08.2019 08:10

Түптүн Токтоян айылында 2,8 млн сомго кичи футбол аянтчасы салынып жатат

Turmush -  Кечээ, 12-августта Түп районунун Токтоян айылында кичи футбол аянтчасынын курулушу башталды. Бул тууралуу Токтоян айылынын башчысы Нурдин Молдогазиев билдирди.

Анын айтымында, аянтчанын курулушу үчүн Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун эсебинен 2 млн 800 миң сом бөлүндү.

«Эгер акча өз убагында бөлүнүп, материалдар өз убагында алынса, аба ырайы жакшы болсо аянтчаны 21-августта пайдаланууга беребиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×