Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ысык-Көл облусуТүп району 10.08.2019 15:52

Түптө жетим балдардын көбү туугандарынын колунда тарбияланууда

Тамара Оторбаева
Тамара Оторбаева

Turmush -  Түп районунда ата-энесинен ажыраган өспүрүмдөр балдар үйүндө эмес, туугандарынын колунда тарбияланууда. Бул тууралуу райондук социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Тамара Оторбаева билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2018-жылы 18 жашка толо элек тоголок жетим балдардын саны 45 болсо, 2019-жылдын жарым жылында алардын саны 55ке жетти.

«Райондо быйыл ата-энесинен ажыраган балдардын саны онго көбөйдү. Жетим балдардын 90%ы ага-туугандарынын колунда тарбияланууда. Быйылкы окуу жылына карата райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери жетим балдарга кийим-кече, тамак-аш жагынан жардам беришет», - деди Т.Оторбаева.

Түп районунда 2019-жылы 676 бала жарым жетим, 366 бала камкордукка муктаж катары катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×