Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.08.2019 14:01

Көк-Жайык жайлоосунда кыз куумай оюну, тушоо кесүү салты көрсөтүлдү. Сүрөт

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Көк-Жайык жайлоосунда 9-августта кыз куумай оюну жана тушоо кесүү жөрөлгөсү көрсөтүлдү. Бул тууралуу «Келечек» өнүгүү борборунун жетекчиси Роза Жумадылова билдирди.

Анын айтымында, борборго жайлоодогу чабандардын 15 баласы күнүнө эки саатка келишет.

«Балдар окуганды үйрөнүп, сүрөт тартып, беш таш ойноп, селкинчек тээп, жомок угуп кетишет. Жайлоого келген чет элдик туристтер бөбөктөрдүн чет тилин өздөштүрүп жатканына баа беришти. Бул жолу балдар кыз куумай оюнуна түшүп, анын маанисин жана максатын билишти. Кыз куумай азыр дагы элдик тойлордо, майрамдарда кеңири ойнолуп келет. Ошондой эле тушоо кесүү жөрөлгөсү дагы көрсөтүлдү», - деди ал.

Ысык-Көл облусу боюнча 10 өнүгүү борбору болсо, быйыл аларга 300дөн ашуун бөбөк тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×