Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 10.08.2019 13:04

Ак-Сууда жаштар жаптырган ишкер аялдын эс алуу жайы иштеп баштады. Сүрөт

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы «Ак-Суу Кенч» эс алуу жайы убактылуу ишин баштады. Бул тууралуу эс алуу жайдын жетекчиси Чынара Урманаева аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, эс алуу жайы 7-майда жергиликтүү тургундардын нааразычылыгынан улам жабылган.

«Май айында жабылган боюнча июнь айынын аягында иштеп баштаган. Сегиз күндөн кийин кайра жабууга мажбур болгом. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тургундар менен сүйлөшүп, туристтик сезон бүткөнгө чейин иштетип турууну өтүндүм. Жумасына бир жолу бассейдеги сууну саркынды суу топтоочу жайга куюуп жатабыз. Бул аралыкта болгон кемчиликтер жоюлат. Иштөө учурунда түшкөн каражаттан айылдык фондго которуп, жаштарга дагы жардам беребиз», - дейт Ч. Урманаева.

Буга чейин жергиликтүү жаштар аталган эс алуу жайындагы жуунучу бөлмөдөн, бассейндерден чыккан саркынды сууну эл ичип жатканын айтып, нааразы болушкандан кийин аталган жай жабылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×