Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 10.08.2019 11:56

Ак-Сууда дыйкандар Кореядан алынган картошканын жаңы сортун өстүрүүдө

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл аймагында картошканын жаңы сортторун өстүрүү боюнча 60 дыйкан окуудан өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, окуу учурунда дыйкандарга картошканын 6 түрү сунушталды.

«Район аймагында картошка көп өндүрүлөт. Биз тышкы рынокту продукциянын көлөмү жана сапаты менен багындыра албай жатабыз. Ошол себептүү Кореядан алынып келинген картошканы өндүрүп, үрөндүк кылып сатуу жагын карап жатабыз. 30 гектар жерге картошканын 6 сортун септик. Дыйкандар картошканы өстүрүү жолун окуп үйрөнүп, сертификат алышты», - дейт райондун акими Акылбек Тюкебаев.

Ак-Суу району боюнча өткөн жылы 9200 гектар жерге картошка айдалган. Бул жылы 8700 гектарга себилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×