Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 08.08.2019 17:08

Караколдо эмчек эмизүү жумалыгы өтүп жатат

Turmush -  Каракол шаарында эмчек эмизүү жумалыгы өтүп жатат, деп маалымдайт аймактык кабарчы. Анда шаардык төрөт үйүндө энелерге окуулар уюштурулат.

«Эне сүтүндө балага керектүү бардык витамин, минералдар бар. Алты айга чейин балдарды жалаң эне сүтү менен багуу керек. Биз энелерге сүттүн пайдасы, туура эмизүү боюнча окууларды уюштуруп жатабыз. Анда энелер арасында оюндар уюштурулуп, аларга белектер берилди. Ошондой эле жаңы көз жарган ар бир энеге маалымат берип жатабыз», - деп билдиришти уюштуруучулар.

Бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгы 1-7-август күндөрү белгиленет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×