Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ысык-Көл облусуТүп району 08.08.2019 08:36 Жаңыланды: 12.08.2019 09:05

Ысык-Көлдөгү китепкананы 35 жылдан бери жетектеген К.Ахметова канча маяна алат?

Turmush -  Түп районунун Түп айылынын 69 жаштагы тургуну Клара Ахметова айылдагы М.Элебаев атындагы китепкананы 35 жылдан бери жетектеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Москва мамлекеттик институтунан билим алган. 1973-жылы Түп районунун тургунуна турмушка чыгып, аймактагы китепканага жумушка орношкон.

«Жогорку билимдүү болгондуктанбы алгач эле китепкананын жетекчисинин орун басары кылып коюшту. Арадан көп өтпөй В.Липенко деген жетекчибиз ардактуу эс алууга кетип, 1984-жылы мен 5-жетекчи болуп бекитилдим. Ошол күндөн бери маянасынын аздыгына карабай иштеп келе жатам. Айына 6 миң сом алам. Башка жумушка сунуштар түштү, бирок жасаган эмгегибизди кыя албай, китепканада калып калдым», - дейт ал.

Анын айтымында, быйыл Түп айылындагы борборлоштурулган китепкананын түптөлгөнүнө 80 жыл болду. Китепканада классикалык, адабий, илимий багыттагы 606 китеп бар.

«Мурда окурмандар көп эле. Азыр заман талабына ылайык, жаш окурмандар электрондук китептер менен гана чектелүүдө. Ошентсе дагы бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн келишет. Андан сырткары орто жана улуу муундагы окурмандар классикалык чыгармаларга кызыгышат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине карагандан тарта мурдагыдай каражат бөлүнбөй калды. Китептердин 75%ы союздан калган орус тилдүү, 25%ы кыргыз тилдүү китептер. Учурда жамаатта 7 кызматкер эмгектенет», - деди Клара Ахметова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×